super.kg logo

Чүйдө эки аялды атып өлтүрүп, үй ээсин жарадар кылган кылмышкерлер үйдөн 100 миң сом, зер буюмдарды уурдап кетишкен

 

Чүйдөгү эки аялды атып өлтүрүп, үй ээсин жарадар кылгандар үйдөн 100 миң сом жана алтын, күмүштөрдү уурдап кетишкен.

Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Кылмышка шектүүлөр үйдөн 100 миң сом өлчөмүндөгү акча алып, андан сырткары 93 миң сомдук алтын зер буюмдарды уурдап кетишкен. Шектүү деп кармалган жарандардын аты-жөнү такталып, алар Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. экени белгилүү болду. Окуя тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон. Ал учурда туугандарынын кароосунда.






"3 айлык наристеге курал такап, акча бербесең атып салам дептир" дейт маркумдардын кошунасы

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.01.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ жигиттер жапжаш экенсинер озунордун бир келген жашоонорду озунор талкаладынар.
Ушул акчаларды озунордун адал эмгегинер менен деле тапсанар табылмакта.
gute түзөттү 2018-01-02 14:41:29
02.01.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gute,озулорунун жашоосу курусун, эки айлык наристенин жашоосун талкалап атпайбы
02.01.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gute, жигит болбой куруп калышсын мыкаачы айбандар , дармаеддер бекер оокат издеген,чирип олгуло еми турмодо
02.01.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым!Жапжаш балдар арзыбаган акча учун ушундай ишке барса.Алтындар 93мин сомго бааланган менен сатканда арзыбаган акчага сатышкан чыгар.Орусияда учоосу бир айда таап койо турган акча экен.Кимге пайда,кимге зыян эми.Бей куноо наристени жетим атандырып,оздорун болсо камакка туртуп.К.В дегенине Караганда орус улутунан го
02.01.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орус улутундагы балдар окшойт учоо тен .кечинде 20 жылдан кетишти да куноосу далилденсе.
02.01.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: