super.kg logo

Токмоктогу кол салуудан жаракат алган 16 жаштагы кош бойлуу келиндин абалы туруктуу, кайненесинин абалы оор бойдон калууда

 

28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, ал эми 1995-жылы туулган баласы 29-декабрда каза болуп калган.

Диля учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, келини жалпы бөлүмдө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 2-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 44 жаштагы Диляга операция жасалганына карабай абалы оор бойдон калууда.

"44 жаштагы аял башынын бир канча жеринен жаракат алган. Ага операция жасалды. Бирок дале жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 8-9 жумалык кош бойлуу 16 жаштагы келини да башынан жаракат алган. Азыр анын абалы туруктуу", - деди Мамытова.

Чүй ОИИББи аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп, кол салган кылмышкерлерди издөө аракети көрүлүп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.01.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келин 16 жашта.мынча жаш турмушка чыккан
02.01.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам олтургондорго олум жазасын киргизиш керек аларды бакпай Тоок сойгондой союп кетип жатат эшектер
02.01.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токмок шаары дайыма эле криминаль мындай корунуштун себеби куч органдары слабый иштейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: