Канат Исаев менен чогуу айыпталып соттолгон адамдар өкүм ишке ашканга чейин УКМКнын абагында кармалат
Канат Исаев менен чогуу айыпталып, кийин сот тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылгандар өкүм ишке ашканга чейин УКМКнын абагында кармалат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Исаев менен чогуу айыпталып 10 жылдан эркинен ажыратылган Мирлан Эсенбеков менен Болот Имамадиев өкүм ишке күчүнө киргенче УКМКнын абагында кармалат.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Канат Исаев 12, аны менен кошо айыпталып жаткан 6 адамдын экөө 10 жылдан эркинен ажыратылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.