super.kg logo

Жалал-Абадда 15тен ашуун үйгө уурулукка кирип, үй ээлерине 600 миң сомдон көп зыян келтирген деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

 
Шектүү уурдап алып сатып жибергенден кийин кайра ээлерине кайтарылган буюмдар

Жалал-Абад шаарында 15тен ашуун турак жайга уурулукка кирип, үй ээлерине 600 миң сомдон ашуун зыян келтирген деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын күз айларында Жалал-Абад шаарынын Спутник, Достук жана Курманбек кичи райондорунда жайгашкан турак жайлардын ээлеринен үйлөрүнө ууру киргени тууралуу байма-бай арыздар түшө баштаган. Аталган кылмыштарга шектелип Ноокен районунун Масы айылынын 22 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган.

"Шектүү 15 турак жайга кирип уурулук кылганын моюнуна алып, көрсөтмө берген. Ал уурдап алган буюмдарын саткан жерлерди көрсөтүп, 10 телевизор, 2 электр, газ плита, 2 кир жуучу машина, 4 килем, 3 электр меши, идиш-аяктар жана башка үй тиричилик буюмдары ээлерине кайтарылып берилди. Андан сырткары Сузак, Базар-Коргон райондорунда да бир катар үйлөргө кирип уурулук кылганы тууралуу да көрсөтмө берди, учурда иликтөө иштери уланып жатат. Башка да уурулук фактыларына тиешеси бар же жогу текшерилип жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.01.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш эле кучко толуп турган убагын экен,озун мандай терин м.н иштесен олосунбу,бироонкуно козунду артпай.Эми бул ууруну катуу жазалаш керек.А бизде бекер эле багып кайра чыгарып жиберет ошонусу жаман,турмо деп атыле болбосо мейманканадай эле,жеп ичип убагын откорот.мындайча айтканда биздин окмот бекер багат уурусунда туурусунда каракчыныда мыкаачыныда........
06.01.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машина же портер менен уурдаган окшойт мунун шериктерин да кармаш керек. Мунун баарын озу алып чыгып кете албаса кк
06.01.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүнчө эле супермаркет кылып салганго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: