Өзбекстандык 2 жаран Кыргыз жергесине 6 алтын куймасын мыйзамсыз алып келе жатып кармалды
Өзбекстандан Кыргыз жергесине 6 алтын куймасын мыйзамсыз алып келе жаткан Өзбекстандын эки жараны коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Фергана районунун Н.Каримов, А.Тураев аттуу тургундардын ар бири 4 килограмм 700 граммдан болгон алтын куймаларын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалышкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иши милицияга өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле аталган маалыматта алтын куймаларынын ар биринин салмагы 4,7 килограммдан экени жана алардын жалпы баасы 1,5 миллиард сум (болжол менен 13 миллион сом) деп болжолдонуп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

4.7кгх4=18.8кг болот 18.8кг÷00.31гр = 606 унция болот азыркы убакытта алтындын 1 унциясы дунуйолук баада 1300 доллор
606унцияны × 1300$ = 787 800 доллор 787 800 х 68 = 53 миллон 570 мин сом.