Кыргыз кызды зордуктаган Түркиянын жараны 30 жылга эркинен ажыратылды
Кыргыз студент кызды тоногону жана зордуктаганы үчүн сот Фатих Йылмаз аттуу Түрк жаранын 30 жылга эркинен ажыратты. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте абакта өтөйт. Бул тууралуу түрк маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 3-январында өткөн сот отурумунда айыпталуучу далилдер жетиштүү болгондугуна карабай кылган кылмышын моюнуна албастан, соттон өзүн актоону өтүнгөн. Бирок сот зордуктоо үчүн аны 18 жылга жана тоноо үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Айыпталуучу жалпысынан 30 жылга кесилди.
Соттогу маалыматтарга ылайык, 2017-жылдын 26-августунда Стамбулдун метро бекеттеринин биринен 22 жаштагы кыргыз кызына белгисиз бирөө кол салып, зордуктап уюлдук телефонун тартып алган.
Жабыркаган кыз дароо полиция кызматкерлерине кайрылып, метродогу көзөмөл камерасы аркылуу зордукчул кишини аныкташкан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды шаардан чыгып кетмекчи болуп автобекетке келген жеринен колго түшүргөн.
Түрк жараны кыргыз кызды зордуктаганы үчүн 30 жылга соттолду

30 жылга камалган болсо Кудай деп 60 жашында чыгат экенсин.
А биздеда зордогондорду ушинтип жазаласачы,бизде баары чонтогуно кийинген кийимине колуна карашып турат,студент эмес 7-9-класстын окуучулары тороп жатышат.Бул билингени.
Бул аз келгенсип кичинекей наристелерге.......Эх Кыргызстанды башкарган.....кичинекей мамлекетке темирдей бекем законду киргизе албаган озунун камын ойлогон ад