super.kg logo

Москвада 12 жаштагы Кыргыз кызга бычак сайып өлтүргөн жигит 16 жылга эркинен ажыратылды

 

Москвада 12 жаштагы Кыргыз кыздын өлүмүнө шектелип кармалган жигит күнөөсүн моюнуна алып, күчөтүлгөн режимде 16 жылга эркинен ажыратылды.

Чечимди Москванын шаардык соту чыгарганын орусиялык басылмалар жазды.

Маалым болгондой, окуя 2016-жылдын 24-декабрында Орусиянын Москва шаарында орун алган. Анда Мира аттуу Кыргыз аял өзүнүн эки кыз, бир уулу жана бир небереси менен бирге 69 жаштагы пенсионер аялды карап, анын 3 бөлмөлүү үйүндө жашап турушкан. Кийин ал үйгө Миранын 20 жаштагы Жылдыз аттуу кызы 21 жаштагы Чыңгыз деген жигитин киргизип, ал жигит үйдө убактылуу жашап турган.

Бирок 2016-жылдын ноябрь айында кызганычтан улам кыз-жигиттин мамилеси бузулуп, 24-декабрь күнү Чыңгыз кыздын үйүнөн кийимдерин алып кетүүнү көздөгөн. Кийимдери кайда турганын анын 12 жаштагы сиңдисинен сураган. Бирок кыздын "өзүң изде" деген сөзүнө теригип, бычак менен анын бетине сайып жиберген. Ал учурда үйдө 12 жаштагы кыз менен 69 жаштагы пенсионер аял гана болгон.

Андан кийин ал Бишкекке учуп кетүү үчүн аэропортко келгенде полиция кызматкерлери тарабынан кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалып, камакка алынган. Полиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип жатып кылмыш кылганын моюнуна алган жана кыздын жакындарынан кечирим сураган. Бирок кыздын жакындары аны кечирүүдөн баш тартып, соттон өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан. Шаардык сот кылмышкерди 16 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратып, кыздын жакындарына 1 миллион рубль жана уурдап кеткен телефонун төлөп берүүнү милдеттендирген.






Москвада 12 жаштагы Кыргыз кызды өлтүргөн жигит 16 жылга кесилди

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
17.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкача болгон деп уктум эле го бул окуяны.
17.01.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimkyz,кандай болгон экен эле
17.01.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаткан жери жайлуу болсун. Орустарды туурап кайдагы зынаага түрткөн гражданский брактын кесепети он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздын өмүрүн кыйды.
17.01.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кыз ай.
17.01.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура чечим.
17.01.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбан омур бойу камашса болмок!!!
17.01.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Апасында куноо.Эмнеге киргизет жигитин без нике журуп кызы деле ават эмесго. Апасын дагы соттогула кызына карабаган.Уйлоп койбойбу кызына жакшы тарбия бербептир эне.Эмитен куч куйоо кылып киргизип аягы бей куноо наристеге тийди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: