super.kg logo

Кайрадан каракчылык: Ошто ишкерди коркутуп, миллиондогон акчасын тоноп кетишкен деген шек менен 3 адам кармалды

 

Ош шаарында жеке ишкердин үйүнө кирип, курал менен коркутуп 15 миллион сомдон ашуун акчасын алып кетишкен дегенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүнө ылайык, окуя 2017-жылдын 29-декабрында саат 22:30дар чамасында болгон.

"Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 32 жаштагы жеке ишкердин үйүнө бир нече беткапчан адамдар кирип колундагы куралдары менен коркутушуп, үйдө турган сейфти өздөрү менен алып кетишкен. Ошол учурда үйдө 32 жаштагы ишкердин аялы жана 2 баласы болгон. Аларды куралдары менен коркутушуп колу-бутун байлап салышкан. Сейфте 10 миң доллар, 560 миң рубль, 14 миллион сом жана ар кандай документтер болгон. Ошондой эле каракчылар үй ээсинин Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын да айдап кетишкен.

Кийин бул кылмышка тиешеси бар делинип Ош облусунун 25 жана 26 жаштагы 3 тургуну кармалды. Алардын жанынан далил катары 4 миллион 700 миң сом табылды. Кылмышка тиешеси бар дагы 3 адам изделип жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары кармалган адамдарга карата 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенин кошумчалашты.






Ошто “ишкерди карактаган” деп 3 адам кармалды

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
18.01.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
15миллион сом эми кантип кутулат аны омур бою иштесе да таппай турган сумма экен
18.01.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман эле болуптур кармалып жазасын алыш керек
adi_ko.kg түзөттү 2018-01-18 01:18:46
18.01.2018. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Колу менен кылганды мойну менен жооп бериш керек эми
18.01.2018. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай адамдарды омур бою турмого отургузса болмок.1-2жылда эле чыгарып жибербей.
18.01.2018. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай арам тамактарды турмого камап отурбай жок кылып салыш керек багып олтурбай
18.01.2018. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акчаны алатда кой берет эки жылдан кийин
18.01.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш ата эне тууган урук...
18.01.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны Ажообуз келгенден баштап,каракчылык,тоноочулук башталдыго.Ошол жеке ишкерде акча бар экенин билип анан киришкенда.Заказ менен болсо,чыгып кетишет.
18.01.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми булар дагы коён качты болуп кетпесин...
SUPER.KG видео
20.01.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Полный беспредел бардак соз жок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: