super.kg logo

Ысык-Көлдө күйүп кеткен "Осьминог" кафесинин ээси кайтарууга алынды

 

Ысык-Көлдө күйүп кеткен "Осьминог" кафесинин ээси кайтарууга алынганын ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн, 18-январда кабарлашты. Маалым болгондой, кафе ээси Аскат Асанкадыровдун коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгы айтылгандыктан ИИМдин мамлекеттик коргоо башкармалыгы тарабынан кайтарууга алынды.

7-январь күнү түн ичинде Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Осьминог" кафесин белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишкен. Козголгон кылмыш иштин алкагында ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында турган Ысык-Көл облусунун эки тургуну кармалган жана алардан баңгизат, курал-жарактар алынган.

"Факт боюнча мыйзам чегинде тиешелүү ыкчам тергөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Аталган факт боюнча мыйзамсыз курал-жарактарды жана баңгизаттарды сактоо боюнча кылмыш иштери козголуп, кармалгандар учурда абакка киргизилген. Жакын арада "Осьминог" кафесиндеги өрт боюнча дайындалган тиешелүү бардык экспертизалардын жыйынтыгы менен айыбы угузулат", - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.01.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байлык бар бирок эркиндиги жок өмүрү кыл учунда ушундай жашоодон Аллахым сактасын бутбогон тиричилике жетчу нерсе бар болсо Аллаха шүгүр тынч өмүр сүрүп жашайсың
19.01.2018. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай ( Караларга) чара корулбой, мамлекет алсыз болгону учун бизге бир дагы инвесторлор келбейт. Ошондуктан мамлекеттин онугуусу комускодо калып жатат. Анан оз жерибизде иш жок эл талаалап олуп, оорукчан болуп кайтып жатышат.
19.01.2018. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир иш жасайын деген кишилердин коопсуздугун кепилдикке алуу керек, кафе күйүп кеткенде канча зыянга учурады аны ким төлөп берет??? Адилеттүү болгула бул сөз бийликтегилерге тиешелүү. Адилеттүүлүктүн артынан өнүгүү болот. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу керек. Салыктарды азайтуу керек. Бийликтегилерде жасай турган жумушу өтө көп. Бирок ээрге отурганда эле кыйшык отурган.
barsbegKG түзөттү 2018-01-19 02:54:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: