super.kg logo

Ооганстанда үйлөнүү той өтүп жаткан мейманканадагы кол салуудан 19 адам мерт кетти

 

Ооганстандын Кабул шаарында "Интерконтинентал" мейманканасындагы кол салуудан кеминде 19 киши, анын ичинде Казакстан менен Украинанын жарандары мерт болду. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМине таянып чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Казакстандын 39 жаштагы жаранынын каза болгондугу тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кабул полициясынын маалыматына караганда, андан тышкары Украинанын тогуз жаранынын мерт болгону аныкталды. Алардын көбү Kam Air ооган авиакомпаниясынын кызматкерлери болушкан.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган мейманканада 7 Кыргыз жараны иштегенин, бирок кол салуудан эч кимиси каза болбогонун маалымдады.

Жаңы маалыматтык технологиялар боюнча эл аралык жыйын жана үйлөнүү той өтүп жаткан мейманканага кол салууну "Талибан" кыймылы өзү уюштурганын жарыялады. Кыймылдын беш жоочусу имаратка ашкана аркылуу кирип, андагы адамдарды көздөй ок чыгарышкан.

Жекшемби күнү эртең менен аяктаган атайын операциянын жыйынтыгында 150дөн ашык киши, анын ичинде 40 чет өлкөлүк жаран куткарылган. Ооганстан ИИМи кол салгандардын кеминде үчөөсү өлтүрүлгөнүн билдирди.

"Интерконтинентал" – Кабулдагы чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманканалардын бири. Ал 1969-жылдан бери иштеп келет жана мамлекеттин көзөмөлүндөгү тоолуу жерде жайгашкан. 2011-январда мейманканага "Талибан" кыймылынын жоочулары кол салган. Анда жалпысынан 21 киши өлүп, арасында кол салган согушкерлер да болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
22.01.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчтык болсун. Ооганстанда да кыргыздар бар экенда иштеген. Кудай озу сактасын кайсыл жерде болсок да.
22.01.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заманыбыз тынч эле болсун да. Адамдар каякка карап кетип бара жатат, билбейсин...
22.01.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дуйно жузуно жайылып кеткен экенбизда!! Кайсы жакка барба кыргыз жарандарыбыз бар Аман болушсун кайерде болсун Кыргызыбыз
22.01.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайда болбосун кыргыздар иштейт дегенди угасын
22.01.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз эли чачылып кеттикго жумуш жоктон
22.01.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын элге жакпаса жерди жардыр дегендей жаны замандын радикалдары – эски жапайчылык идеяны колдогон крысалар. Талибан террордук диний уюм. Булардын максаты азыркы жаны цивилизацияны эски идеялогия, же болбосо террор аркылуу жок кылуу. Тилеке каршы бизде дагы ушундай крысылар бар экенин билишибиз керек. Сыртынан кооз суйлогону менен, тупкусундо жапайчылык жана кулчулук заманды орноткулары келишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: