super.kg logo

Чүйдө жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

 

Чүйдө жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 20-январь күнү саат 19:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Чүй районундагы бөлүгүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну каза болгон.

"Унааларды каттоо бөлүмүнөн эки жүздөн ашык автоунаалардын каттоо тизмесин алып, ар бирине текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Кемин районунун айылдарынын биринен маңдайы ийилген, жарык берүүчү фарасы алмашылган Ниссан Примьера үлгүсүндөгү автоунаа шектелип, ээсин суракка алган учурда күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ал эми автоунаа Чүй РИИБинин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, 52 жаштагы А.С. аттуу унаанын ээси тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Жол кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу камалуучу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: