Казакстанда дагы бир автобус тоңуп калды. Ичинде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан
Казакстанда жолдо сууктан улам бузулуп калган автобустун ичинде калгандар куткарылды. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 24-январь күнү эртең менен Кызыл-Ордо-Павлодар унаа жолунун 47-чакырымында болгон. Анда Van Hool үлгүсүндөгү автобустун майы тоңуп калган.
"Автобустун ичинде жалпы 81 адам болгон. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан. Куткаруучулар жардамга барышып, жүргүнчүлөр №1-автобустук парктын имаратына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Казакстанда ичинде Кыргыз жарандары бар автобус тоңуп калганы айтылган. Автобус Акмола облусунда Жалал-Абад-Пермь-Москва багытында бара жаткан. Анын ичинде 22 Кыргыз жараны болгон.












1 |