Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду
Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 27-январда саат 22:00 чамасында аталган райондун Шарк айыл аймагында болгон.
"1989-жылы туулган айдоочу Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен 6 жашар кызды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган кыз ошол жерден жан берген", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.
Учурда аталган кырсык боюнча тийиштүү экспертиза жүргүзүү тапшырылып, иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-2

Биринчиден тосмо арыз деген тушунукту жойгула...
Экинчиден адам сузуп олтургон айдоочу ар бир каза болгондордун уй-булосуно 200 мин сомдон толоп берууго милдеттендирилиши керек...
Акчалай жазадан тышкары, адам олумуно себепкер болгон айдоочуларды 3-5 жылга турмого камаш керек, эч кандай амнистия колдонуу укугу жок болуп...
Абактан чыккан сон 2 жыл машина айдоо укугу ч
Сен кепилдик бере аласынбы, жогорудагы матиздин ылдамдыгы 60км/сааттан томон болгонуна?!!
Атайлап сузгондорго ушул мыйзамынды колдонсо болчудай.
Кееде кокустук да болуп кететда,чуркап чыга калат жаш балдар.
Атайылап сүзгөндөр да болобу?
Өчөшүп жургөнүн же болбосо жолдо кетип атканды айдоочу кана сүзүп өлтүрөйүн деп ойлошобу?
Тообо кылдым,эчким атайы сүзбөсө керек
мынандай суукта
Кыргызстандагы АДАМ ОМУРУН АЛГАН жол кырсыктарынын канча процентин кокустук деп баалоого болот, эгер копчулук ДТПнын куноокорлору каршы тилкеге чыкса унаасы менен, светафордо кызыл чырактан отуп башка унаа менен сузушсо, пешеходдон жоо жургунчуну сузсо, мас болуп унаа айдаса, опкосун колуна кармап алып жол эрежелери, ылдамдыкты чектеген жол белгилерин уруп ойнобой зуулдап унаа айдаса, кокустукпу ошолор?!
Эгерде башка унаа силердин унаанарды сузуп, силер олуп калсанар, жакындарынар аза кутуп кайгырып отурса, куноолуу тараптан айыл аксакалдары ортого тушуп кокустук, кырсык деп ишти жаап салышса, бул да адилеттуулук болобу?;!
Болду эми!
Кудай сактасын,эч кимдин жакындары каза болбосун!Эч ким аза кутпосун ылайым!
Качан ойлоносунар, качан ойгоносунар?!!
эле аябай узун жазат экенсин . Лично мен окубай отуп кетип атам , эмне деп жазганыны .