Камчыбек Жолдошбаев: "Маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уялам"
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уяларын айтты. Атүгүл, аларды көргөндө, өз унаасында жанынан өтүп бара жатканда баш кийимин көзүнө чейин түшүрүп, Ак Үйгө кирерин кошумчалады. Мындан улам эл өкүлү депутаттарга кызматтык унаа менен жардамчыны кайтарып берүү боюнча маселени парламентте жабык эшик артында, журналисттерди чыгарып өткөрүүнү сунуштады.
"Депутаттардын жардамчысы жана кызматтык унаасы боюнча залдан прессаны чыгарып, өзүбүзчө сүйлөшүп алсак. Себеби ушул жерге келе жатканда кээ бир депутат кыздарыбыз, келиндерибиз, балдарыбыз коомдук транспорттон түшүп, жөө басып келе жатканын көрүп уялам. Ушуну бир карап көрсөңүз. Ошол эле биз баш тартып койгон унааларды башкалар айдап жүрүшөт, акча каражаты баары бир сарпталып жатат", - деди Жолдошбаев.
кошулду
Депутат кесиптештери коомдук транспорт менен жүргөнү үчүн уялат


Ушул сөзүңүздөн кийин, сизди ушул даражага жеткирип чоңойткон атаңызга да (а балли атасынын уулу дейт элего элимде) сөз тиет деп ойлодуңузбу?
Эми коомдук транспортто жүргөн кесиптештериңизге келсек,"АЗАМАТ"экен алар.Ата энесине Рахмат ошол кесиптештериңиздин.
Сиз мындан ары алардан уялбай өзүңүздөн уялың.Себеби алар ал жерге Эли үчүн иштегени барышкан...
Кыскасы ден- соолукта
Депутаттарга унаанын такыр кереги жок. Машина сатып алууга каражаттары жетерлик. Маршруткада журушсо эле трагедия болуп кеттиби? Камчыбек мырза унаасы жок депутаттардан уялса, мен Камчыбек Жолдошбаев деген депутат бар экенине уялдым.
Текебаев атайы депутаттардын санын кобойткон.. Бир маселени эки уч киши чечпей коп болуп.. эл маселесин коп ой пикир менен (мыйзам ) бекемделет -деп
Бирок байлык учун келген депутаттар ушинтип..маселе которбой эле.. жеке байлык топтош учун келишип.. ортодо ""депутат болсо элди жеп байыйсын"" деген тушунукту киргизишти..
Бирок буга эл озу деле себепкер..