Бишкекте короо-жайларын суу каптаган тургундар сууну чакалап ташууга аргасыз болушту (фото)











31-январда Бишкектеги Ала-Арча дарыясындагы суусунун деңгээли көтөрүлүп саат 17:40 чамасында Рыскулов көчөсүндөгү аймагынан суу ашып, 3-4 турак үйдүн короолоруна кирген. Аталган аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары, 50дөй кызматкер тартылып, суунун нугун буруу боюнча иштер аткарылып баштаган. Түнкү саат 02:00гө чейин иштер аткарылып, жалпы жонунан 6,5 миң куб муз жана кар ташылып чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилбек Чаргыновдун айтымында, Ала-Арча дарыясынын нугундагы муз жана карды тазалоо иши дагы эки күнгө созулат. Учурда жеринде 11 техника иштеп жатат.
Анткени менен короолорун суу каптап кеткен тургундар ӨКМнын аткарган ишине канааттанбай жатышканын билдиришүүдө.
"Суу каналдан ашып кетип дароо биздин короолорду каптап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суу сордуруучу насос алып келишип, бирок сууну сордурушкан жок. Себеби суу муз аралаш болгондуктан сордура алышкан эмес. Алар кетип калгандан кийин айла жок түнкү саат 12ге чейин өз аракетибиз менен сууну короодон чака менен ташып чыктык. Короолорубузга кирген суу азыркыга чейин тоңуп, муз боюнча турат", - деди жергиликтүү жашоочу Санабар Калыкова.
Министрликтин өкүлү тургундардын короолоруна кирген сууну тазалоо аракети толук болбой калганын белгилеп, элди түшүүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Кыш чилдеде короосун суу каптаган тургундар: "Өтүк менен күн өтүп жатат"






1 |