super.kg logo

Сузакта мугалим аялдын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө айылдашы шектелүүдө

 

Сузак районунун Орто-Сай айылында 52 жаштагы мугалим аялдын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө шектүү катары айылдашы кармалганын SUPER.KG'ге 2-февралда Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 28-январь күнү саат 20:00 чамасында райондук милицияга айыл башчыдан маалымат түшкөн. Анда Орто-Сай айылынын 52 жаштагы Б.А. аттуу тургунунун жансыз денеси табылганы айтылган.

Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги барып, кароо жүргүзүлгөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө тобу жумуш алып барып, арадан 4 күн өткөн соң далил буюмдардын негизинде шектүү катары аталган эле айылдын 1965-жылы туулган Б.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ал буга чейин жубайы менен ажырашып, эч жерде иштебей келгени айтылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал түн ичинде каза болгон аялдын үйүнө мас абалда кирип келип, өз ара жаңжалдын айынан чырдаша кетип аялды уруп өлтүрүп койгон.

Каза болгон аял жалгыз бой жашап, аталган айылдагы Сатыбалды Жээнбеков атындагы орто мектепте башталгыч класстарга сабак берип иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.02.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орто -сай каякта ошондо
02.02.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurdinova,винсовхоз-гавриловка
02.02.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек койчуну мындай кылат деп эч ким ойлобосо керек эле говриловкада
03.02.2018. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бейишин берсин. Жакындарына сабр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: