super.kg logo

Сокулукта 41 жаштагы тургунду сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

 

Сокулукта 41 жаштагы тургунду сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 30-январь күнү болжол менен түнкү саат 00:40 чамасында Сокулук районунда катталган.

Анда айдоочу жол четинде бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен аталган райондун 41 жаштагы тургуну оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери кырсык болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоолорду карап чыгып, кырсыкка катышкан унааны аныкташкан. Натыйжада Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын 45 жаштагы А.Т. аттуу айдоочусу кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.02.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяка качып бараар экенсин
Жашын деле бир топко барып калыптыр уят эмеспи кантип дитин барды чала жан кылып сузуп кетсен дагы качып кетипсин оюнда эч ким коргон жок да ээ сузгонуну Кудай карап турат го
05.02.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Krai,антип качып кетип таптырбай жургондору канча. Кудайга шугур видео байкоого тушуп калыптыр бул. Менин кошунамдвн аялын дагы жол жээгинде келе атса бир машина коюп кетип ал аял балтыры меннен копуроодогу арматурага сайылып калса карабай качып кеткен. Тапкан жок. Байкуш канча кун ооруканада жатып чыкты
05.02.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тунку саат 12:40 болбойт админ 00:40 болот
05.02.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azat.97, айырмасы жок. Тунку деп жатпайбы
05.02.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акылдуу шаардын пайдасы коп эле болот буйруса. Ушинтип камерага тушуп калса табыш оной жана бат болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: