super.kg logo

Салянованын соту. Соттук жамааттын төрайымы Салянованын коомдук жактоочусун "сабатсыз" деп атады

 

Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын жарыш сөзү уланууда. 5 мүнөттүк тыныгуудан кийин залда отурган прокурорлордун бири келбей калгандыктан Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова Жакупбекованы жарыш сөзүн токтотуп турууга чакырды. Сыдыкова залда соттук курам толук болушу керектигине токтолду. "Экинчи прокурорду чакыргыла, ал кайда жүрөт? Курам толук болуусу керек", - деп талап койду ал.

Бирок соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова жактоочуга кайрылып, өз ишин билүүгө чакырды. Ошондой эле Сыдыкованы бул аракети үчүн "сабатсыз" деп атады.

Сот отуруму 5 мүнөткө жетпеген убакытка үзгүлтүккө учурап, прокурордун келиши менен Жакупбекова жарыш сөзүн кайрадан улантты.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы соттор элди дагы революция жасоого түртүп жатышат кокусунан төңкөрүш болуп кетсе элдер таза иштеген сотторду кошуп сабап үй мүлкүн тоноп өртөп салышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: