super.kg logo

Салянованын соту. Соттук жамаат жактоочуга иш материалдардын 5 тому менен таанышып чыгууга макулдук берген жок

 

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму уланууда.

Отурумда депутаттын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзгө чыгуусу керек эле. Бирок ал иш материалдардын 5 тому менен таанышып чыга электигин айтып, таанышып чыгууга убакыт берүүнү суранды. Бирок соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова анын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Воронцова мындай чечимин жактоочунун жарыш сөзгө чыгуу алдында мындай өтүнүчү болбошу керектиги менен түшүндүрдү.

Аида Салянова иш материалдар алгач 7 томдон турса, кийин 12 томго көбөйүп кеткени боюнча маалыматтары болбогонун белгиледи. "Иш материалдар менен толук таанышып чыкпаганы үчүн мыйзам бузуп жатабы? Биз 7 томдон эле турат деп жүргөнбүз. Кийин 12 том болуп кетиптир. Ошон үчүн таанышып чыгуу керек", - деди Салянова.

Ирина Воронцова өтүнүчтү канааттандыруусуз калтыргандан кийин Сыдыкова таанышып чыккан иш материалдар боюнча жарыш сөзгө чыкты.

Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.02.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп айтышты да билбей калдыкко.Салянованын дагы точно далили жок экенда актанышка
06.02.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз соттору чектен чыгып кетти ушулардын айынан үчүнчү төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн
06.02.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок нерсенин баарын жазып толтурушту да коркпой омур бою сот болуп отурам деп ойлойт окшойт соттор. Ошо далили жок камай албай жатышат да ойду тоону суйлоп.
06.02.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Artur555, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: