super.kg logo

"Жакыныңызга акча керек" деп элди телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар колго түштү (аудио)

 

"Жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды" деп телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин натыйжасында, өткөн жыл аралыгында бир нече адамдарды телефон аркылуу алдап, ири суммадагы акчаларын алып жүргѳн жаран кармалган. Ал 1981-жылы Ноокат районунда туулган, мурда 9 жолу соттолгон Мухаметали Абдивапов болгон.

"Ал жаза ѳтѳѳ мекемелеринин биринде жазасын ѳтѳп жатып 7 адамды телефон аркылуу алдап, акчаларын кылмыштуу шериги болгон аял киши аркылуу алып тургандыгы маалым болду. Милиция тарабынан анын жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылып, анын мурдагы жасаган (алдамчылык) кылмыштары боюнча ѳтѳп жаткан кылмыш мѳѳнѳтүнѳн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга Ош шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылды. Жабырлануучулар аны үнүнѳн таанышты. Үн боюнча атайын экспертиза дагы алдап чалган үн Мухаметали Абдиваповго таандык экендиги тууралуу корутунду берген", - деп жазылат маалыматта.

Ишенчээк жарандар акчаны анын шериги болгон аял кишиге алып барып берип турушкандыгы жазылат маалыматта.

Телефон чалууга алданып акча бергендер:

1. Ак-Тилек кичи шаарчасынын 1956-жылы туулган тургунуна (эркек) телефон чалып "Сиздин балаңыз машина менен бирѳѳнү сүзүп ѳлтүрүп алды, тез арада 70 миң сом акча Ош шаарынын Касымбеков кѳчѳсүнѳ алып келиңиз" деп алдап, жабырлануучудан 70 миң сом акча алышкан;

2. Ушундай эле жол менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1957-жылы туулган (аял) тургунунан 70 миң сом акчасын алдырткан;

3. Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургунуна (аял) телефон аркылуу чалып, "Мен сиздин балаңызмын, бирѳѳнү машина менен сүзүп алдым, кутулушум керек, тез аранын ичинде акча бериңиз" деп ыйлап, андан 60 миң сом, 35 миң рубль алдырткан. "Балаңызмын" деп ыйлаган балага эне ишенип алып, сураган акчасын айткан дарегине алып барып берген;

4. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1966-жылы туулган тургунунан дагы "Мен балаңыздын досу болом. Балаңыз 6 жашар баланы машина менен сүзүп кетип, бала каза болуп калды. Туугандарына 100 миң берүү керек. Ооруканага алып келип бере койгула" деп, ал энеден 100 миң сом акча алдырткан.

ШИИБдин маалыматына ылайык, жабырлануучулардан жалпы алган акчасы 600 миң сомдун тегерегинде болгон. Учурда анын 1990-жылы туулган кылмыштуу шеригинин үстүнѳн бул кылмыштар жана башка дагы жасаган кылмышы боюнча тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды телефон чалып, алдагандардан сак болууга чакырат: Урматтуу мекендештер! Эгерде сизге белгисиз бирѳѳ телефон аркылуу жаман кабар угузуп, акча сураса - акча берүүгѳ ашыкпай туруп, маалыматты тактаңыздар. Акыркы мезгилдерде Ош шаарынын аймагында карапайым калктын ѳкүлдѳрүнѳ телефон аркылуу байланышып, жалган жерден "Сиздин жакыныңыз оор кырсыкка кабылды, тез арада акча бере коюңуз" деп жалбарып суранышып, ири суммадагы акчаларын алдап кетип жаткан учурлар катталып жатат. Бир нече ирет айрым адамдарды алдоо аракети дагы болгон. Мына ушуга байланыштуу, мындай чалуулар болсо, алдамчыга акча берүүгѳ ашыкпастан, айткан фактынын чын тѳгүнүн тактоону , ошол "жабыркады" деген адам менен байланышууну сунуштайбыз.






Телефон чалып элди алдап, акчасын алып жүргөн

Түрмөдө отурган кылмышкер телефон менен элди алдап акча алып келген

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(41)
07.02.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ии ушинтип бетин ачып эле койсонор
07.02.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Атып салыш керек мындайларды башкаларга сабак болот менин апамды да алдап баланыз комада жатат деп акча салдырткан ата эне жаман кабар укса эле озун жоготуп териштирбей ишенип алат экен.
07.02.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай жазаны берсин
07.02.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Көзү эле айтып турат го алдамчы экени.Түсүн кара?дрыщ!
Медиа-портал
07.02.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көрө албай койдум.
07.02.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биздин кошунабыз дагы бир жолу алданган эле 10мин сомго тушуп.корсо ушундай маскарапоздор экен да.камап салгыла нары
07.02.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ата энеси жакшы ниет менен ат койгон экен бул балага, аттиң ...
07.02.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушундай нерсени твдан бат бат берсе элдин баары алданбай турган болуп
07.02.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
МУХАММЕД АЛИ деген Атты булгапсын бул Атка сен татыктуу эмессин....

эмнеге Турмодо жаткандарга телефон колдонууга Уруксат беришет..
Ал жерде олтурупалып канчалаган адамдарды алдап жатышат..
alikgz түзөттү 2018-02-07 21:22:43
07.02.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
alikgz,

Ооба жаш кыздардын башын айлантып, абийиринен ажыраткан учурларда жок эмесго. Ынсап берсин, Тообо кылдым!
07.02.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атыш керек, 10 жыл бакбай мамлекеттин эсебинен.
07.02.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
jbolotov,кыйналсын да
07.02.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кечее апамы алтын сойко алган деп бизди да жаман кылышпадыбы.Айдана экен аты.Мага болсо эркектер чалып атын ким деп кайра кайра.акыры Жабраилмин дагы чалсанар олосунор деп атып кутулдум.Журогум оозума келди коркконуман.
bars_wire түзөттү 2018-02-07 21:53:29
07.02.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
bars_wire,Ашамын деп корбопсун да (тамаша )
07.02.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ак тилектен копго
08.02.2018. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак тилекте бир таанышы болсо кр да анан да таанышынан кимде акча бар кимде баласы бар деп сурап бар жогун анан кылат да
07.02.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муну эми дагы 25 жыл мамлекет багат турбайбы,мындайларды атып салып эле багууга муктаж уйлорго жардам берсе болмок
08.02.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kairan_ozum, бул кишини атып салып багууга муктаж үй булоолорго кантип жардам берет
07.02.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мындай теманы гезит бетине чыгарып,жакшылап тушундуруу керек,электронный варианттагы Сонку кабарды улгайган кишилир окушпайт да,ошондуктан чон макала жазып гезит бетине бадырайтып чыгаруу керек,Кыргызстандын булун-бурчуна чейин тарагандай кылып.
Админ,эсиниздерге алып коюнуздар,сураныч.
07.02.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калпычы адамдардын оозу кыйшык болот деген чын окшобойбу
07.02.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ун боюнча эксперттер депутаттардын унун окшоштура албай монтаж деп коёт. Мына кызык
07.02.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул адам сөзгө өтө чебер.Акчаны тили менен табат. Бирок бир кызык жери түрмөдө олтуруп алып жертвасынын ким менен жашайт,үйүндө канча акча бар экенин да билет. Маалыматты ага ким бериши мүмкүн?
07.02.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул типти тв кайгуулдан [moderated]тан коргом ошондо айтып жаткан алдаганымды токтотпойм деп олтуруп эле кутулбасанар кутулбайсынар алдай берем карапайым элдерди деп.ушул существого алданган байкуш энелерге боорун аяабай ооруйт да ыйлагын келет а бул тип болсо тили менен буудай куруп ошонун баарына милицияларды куноолоп алдаган менин онорум орго чаап жатам деп мактанат.вобщем бул адам эмес!
08.02.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TalaCSKA,анда бул адам болбойт.Адам деген кылган куноосун,кемчилигин мойнуна алыш керек.
07.02.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазасын өтөп жаткандарга эмне себептен телефон беришет?! Ушул жагын дагы териштиргиле! Жатып алып ар кимди алдаган акмактарга андай укук берилбесин!
08.02.2018. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучу бар эркектер,уят
08.02.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да зв кылышкан бирок тв.плазма утуп алдын кантип алуу учун ушул ном 5мин ичинде акча салып кайрадан зв кыл дегенде менин 5сомум эле бар десем очуруп койгтн ошол болду жоголгон.Апамды эскертип койгон элем кийин апама д да зв кылганда урушуп салган
08.02.2018. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Атам алданган 10 минге
08.02.2018. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ХХХХ тааныйм Ноокаттын Кок-Жар деген айылынын 1-болумунон болот.
Зонадан башы чыкпай жата берип арыктап журбой калыптырго.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-08 09:09:55
08.02.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин авамы да 4000 мин сомго уктатып кетишкен. Чалыптыр ким бул десе мен куйо балан дешиптир. Авам да кызык аа Талант сенби деп алыптыр. Не болду десе? Мен авария болуп кеттим мага 4-мин керек десе 4000 мин банктан салыптыр. Тообо кылдым анан 5 муноттон кийин акча алдынбы десе жок телефон очук жок болуп кетишиптир. Эжеме чалып акча алдынарбы десе ата биз уйдоле жатабыз дептир.
Bolunbo.kyrgyz түзөттү 2018-02-08 09:06:09
08.02.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужаас , кантип ишенишет.
08.02.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда алдандым ,машинабызды аяш балам алып кеткен сурап эртеси бироонун уруп алдым болницада ага срочно 10000 керек деди,акча жок десем мейли бул жактан кутулдум машинага гаиге акча керек деди туштон кийин досуман 10000 сурасам 5000 бар экен алып гаиге барсак жок силерди корсо дагы айнып коп сурайт 5000 ге единица салын деп номер берди,Западныйда досум экообуз салып жатсак ал бала бир куну бироону алдаган силер да ошондой болбонуз деп калды анан ойлонуп озуно берем болбосо жок десем тел очту,
09.02.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikan1966,
08.02.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
компаниядан акчамы алайын десем уже 2000 алып коюптур даже минута кетпей,досум экообуз ал баланы сен кылбадынбы десек жок деди,2000 ге эле тушуптурбуз го деп суйунуп чай ичип кетип калдык
08.02.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
08.02.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча апкел десе эле апкеле бергени чатакго сураштырбайле
SUPER.KG видео
22.02.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да бир жолу звонок кылышкан.Россиядан посылка бар жолдо Казакстанда бара жатабыз машина бузулуп калды тез акча салын деп.Менин Россияда туугандарым жок мага посылка салгыдай десем очуруп койгон.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: