super.kg logo

Ысык-Көлдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

 

Ысык-Көлдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-февраль күнү Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Михайловка айылындагы үйлөрдүн биринин жанынан 45-50 жаштардагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу маркумдун киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Каза болгон адам Каракол шаарынын тургуну, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген У.Д. экени белгилүү болду.

"Аталган факт боюнча Ак-Суу РИИБинин тергөө тобу "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш ишин козгогон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бир жолу соттолгон 46 жаштагы Каракол шаарынын тургуну О.К. кармалды. Анын айтымында, спирт ичимдигин ичип отуруп чыр чыгып кетип катуу сабап койгон", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Учурда кармалган жаран Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.02.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖАТКАН ЖЕРИНИЗ ЖАЙЛУУ БОЛСУН.УЙ БУЛОСУНО ТЕРЕН КАЙГЫРУУ МЕНЕН КОНУЛ АЙТАМ.БИР ТУУГАН БАЖАМ БОЛЧУ.ЖАКШЫ АДАМ ЭЛЕ.
09.02.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RaHat19, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: