Мамлекеттик чек ара кызматы: "Лейлекте чек арадагы абал туруктуу, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат"
Бүгүн, 8-февраль күнү саат 10:00дөр чамасында Лейлек районундагы Максат-Кулунду жолуна салынып жаткан көпүрөнү Тажик аскерлери тосуп алышканын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Бул көпүрө жергиликтүү бийлик тарабынан курулуп жаткан. Бүгүн Тажикстандын чек арачылары келип, бир саамга тосуп турушту. Учурда абал туруктуу, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Буга чейин окурман "Лейлекте Тажик аскерлери көпүрөнү тосуп, 2 сааттай кыргыз тараптын унааларын өткөрбөй жатышты" деп "Элдик кабарга" билдирген болчу.
Айта кетсек, Максат, Кулунду айылдары Тажикстанга коңшу жайгашкан. Жарандар ал айылдарга өтүү үчүн сөзсүз коңшу өлкөнүн жолдоруна көз каранды болуп, көп түйшүктөрдү тартып келишкен. Мындан улам Кулунду айылынан Максат айылына чейинки 3,5 чакырым жолду куруу зарылчылыгы келип чыгып, Козу-Баглан дарыясына эки көпүрө куруу маселеси жаралган. Бирок көпүрө курууга Тажик бийлиги каршылыгын билдирип келишкен. Кийин эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, тажик тарап көпүрө курууга макулдук берген..
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

кыргыздардыкы бирок биздин бийлик колун булбайт эл кайтарып келет ушунча жылдан бери жерлерди а то давно тажиктер ээлеп алмак баткенди.