Бою 1 метрлик 50 жаштагы Майрам Курманалиева чыгыш, цыган, индия жана кыргыз бийлерин катыра бийлейт





Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 50 жаштагы тургуну Майрам Курманалиеванын бою болгону 105 сантиметрди түзөт. Ал бала чагынан Индиянын тасмаларына таасирленип, 10 жашынан бери бийлейт. Кыргыз бийинен тартып, ар улуттун бийин өздөштүрүп алган. Экинчи топтогу майып. Ага карабастан майыптар арасында өткөрүлгөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырууга жетишкен.
"Биз бала кезде индия тасмалары көп көрсөтүлчү. Аларды көрүп жүрүп таасирленип, чыгыш бийинин кыймылдарын өзүм үйрөнүп алгам. Ошондой эле улуттук бийлерди жана цыган бийин бийлегенди жактырам. Бийлебей калсам колу-бутум ооруйт. Бий аркылуу өзүмдү алаксытам. Майыптар арасында өткөрүлгөн сынактарда алдыңкы орундарды эч кимге бербейм. Ата-энем да жакшы ырдап-бийлеген адамдар эле. Алардын таланты мага өткөн окшойт. Кээде тойлордо бийлеп, акча табам", - дейт Курманалиева.
Майрам Курманалиеванын айтымында, анын ата-энеси узун бойлуу болгон. Алар 6 балалуу болушса, алардын үчөөнүн бою өспөй калган. Учурда жолдошу менен бирге 1 бөлмөлүү батирде жашайт, тилекке каршы, балдары жок. Совет убагында заводдо текшерүүчү болуп иштеп келсе, учурда үй кожойкеси.
50 жаштагы Майрам апа чыгыш бийин катыра бийлейт






1 |