super.kg logo

Ош шаардык мэриясы: "Апасы тарабынан депкир менен сабалып каза болгон баланын сөөгүн жерге берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө"

 

Баласын сабаганга шектелип кармалган аялОшто энеси тарабынан сабалып, каза болгон наристенин сөөгүн жерге берүү боюнча шаардык мэрия иш алып барууда. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда шектүүнүн ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер алар сөөктү алууга макул болбосо, анда баланын денесин жерге берүүнү социалдык коргоо башкармалыгы жана шаардык мэрия өз колдоруна алат" - деди Раева.

Буга чейин баласын депкир менен эсинен тангыча сабаган делген 23 жаштагы келиндин ата-энеси табылып, бирок кызы менен байланышуудан баш тартышкандыгы маалымдалган.

"Шектүү келиндин өгөй энеси менен сүйлөшкөнүмдө алар кызынын төрөп алганын билбей турганын, анын бир нече жолу үйүнөн качып кетип, жаман окуяларга аралашканын айтышты. Ошондой эле атасы бул окуяны угуп ооруп калганын, ага байланыштуу бул окуяга аралашкылары келбей жатканын билдиришти", - деген Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылбай жатканын, анын жана баласынын эч кандай документтери жок экенин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан маалымдашкан. Окуя болгондон 10 күн өткөндөн кийин наристе эсине келбей каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
12.02.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх не дейбиз эми... кудайым ар бир пендени адаштырбасын.
12.02.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
депкир деген эмне
12.02.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Attila88,Мен да түшүнбөдүм?
12.02.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Attila88,тамак аралаштырчу капкур деп коет биз жакта
12.02.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оз энеси болгондо балким бул келин жолунан адашпайт беле аттин...
12.02.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депкирге тушунбогон кандай кыргыздар
12.02.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кичинекей периштеге ушунча азаптын кереги бар беле алгач энеси сабап өлтүрүп эми сөөгүн алуудан баш тартып жатышса кандай таш боор адамсынар деги
12.02.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Түштүк туугандарда депкир башкача айтылат болуш керек. Тамак жасаганда колдонуучу, боорсок жасаганда колдонгон аспаптан кичинекей нерсе
12.02.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oscar,оа кепкул же капкул болуш керек
12.02.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Капкур дешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: