super.kg logo

Бишкекте жолду тазалап жаткан "Тазалыктын" кызматкерин унаа сүзүп, ооруканага жетпей каза болду

 
Каза болгон кызматкердин кырсыктан бир жарым саат мурун тартылган сүрөтү

Бишкек шаарында жолду тазалап иштеп жаткан "Тазалыктын" кызматкерин унаа сүзүп, ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 7:30 чамасында болгон.

"Байтик баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде иштеп жаткан "Тазалык" ишканасынын 60 жаштагы кызматкерин Түштүк магистраль көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Honda Elysion үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүп кеткен. Натыйжада оор жаракат алган "Тазалык" ишканасынын кызматкери ооруканага жетпей каза болгон. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Айдоочунун унаасы айып аянтчасына коюлуп, өзү наркологиялык текшерүүдөн өттү. Натыйжада анын жол кырсыгы болгон учурда мас абалында эмес экени аныкталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми "Тазалык" ишканасынан алардын 60 жаштагы кызматкери жол эрежесин бузган аракеттерди жасабагандыгын жана бардык талаптарды сактап, өз милдетин аткарып жаткан учурда аны унаа сүзүп кеткенин айтышты.

"Биздин кызматкер алыстан чагылышып көрүнө турган атайын кызматтык формасы менен иштеп жаткан. Ал бардык талаптарды сактап жол эрежесин бузган эмес", - деп аталган ишканадан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.02.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акырети абат болсун.
12.02.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ии байкуш ай карыганына карабай кундун суугунда акча табам деп жургон экен да.кырсык да.жаткан жери жайлуу болсун.ал эми айдоочуга да женилдик тилейм .атайылабаса керек.мас эмес турбайбы
12.02.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдоочуну камаш кере, бир адамдын омуру кыйылып атса актап же болбосо женил чара колдонбой
12.02.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдоочулар шаар ичинде неге мынчалык тез айдашат экен тушунбойм. кееде даже пешеходныйдан откону чочуйсун, зебраны басып эле туруп алышыт линиядан чыгып. а каза болгон адамга келсек Аллахым жаткан жерин нурдуу кылсын. Уй булом тиричилигим деп журуп кетиптир .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: