super.kg logo

Аксыда "кайнене менен келинди өлтүрүп, 26 жаштагы кызга оор жаракат келтирген" деп шектелген жарандын иши сотко өттү

 

Аксыда "кайнене менен келинди өлтүрүп, 26 жаштагы кызга оор жаракат келтирген" деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти Аксы райондук соту 26-февралда карап баштайт.

"Бул иш тергелип бүтүп, Аксы райондук сотуна жиберилди. Соттолуучу А.Б.га Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган жана ага карата бөгөт коюу чарасы катарында камакка алуу түрү тандалган", - деп билдирди Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Маркэл Болотов.

Эске салсак, 2017-жылы 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келиндин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты милициядан билдиришкен. Алардан тышкары кылмыш жасалган үйдө маркум аялдын 26 жаштагы кызы дагы оор абалда жаракат алып ооруканага түшкөндүгү маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.02.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне максат менен өлтүрүптүр?окуядан толугураак маалымат бергилечи супер инфо?
13.02.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ziash85, саламатсызбы! Бул шилтемеден окусаңыз болот. https://www.super.kg/kabar/news/209397/
12.02.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээми оттубу сотко иши
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: