super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи: "Бала бакчадан ооруканага жеткирилип, кийин чарчап калган бала боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат"

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бала бакчадан ооруканага жеткирилип, кийин чарчап калган бала боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын кызматкерлеринен жана баланын ата-энесинен түшүнүк каттарды алдык. Учурда медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Караколдо 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калганы маалымдалган. Ички иштер министрлигинен "алдын ала маалыматтар боюнча бала мурда суук тийип ооруп жүргөн, ошондон улам чарчап калган" деп кабарлашкан.

Кийин баланын энеси оорудан улам чарчап калды деп милиция туура эмес маалымат таратып жатат деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.02.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суротко караганда кулап тушкон го же катуу таяк жегенби. Эхх наристелер
13.02.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулагынан бурап эле алган бейм тарбиячысы.Эх, куноосуз наристелер!!! Нервный болуп баратабыз адамдар.Жырткычтар да балдарын адамдан жакшы карайт.Сабыр,Сабыр,Сабыр.Жинибиз келгенде ушул созду озубузго Кудайдан тилегенди уйронсок кана атаганат!
13.02.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала бакча куноолуу.Текшериш керек,жазыш керек,арызданыш керек.Анан тиешелуу орган алчусун алып былтыйыыыып отуруп калбай куноолууну жоопко тартыш керек.Акча,тааныш билиш деп ушундай иштердин кобу жабылуу бойдон калып атат зыяны элге тийип атат.Воспитателден,нягькасынан тартып заведуюшийге чейин жоопко тартылсын!Балдарды бала бакчага ишенип таштап кетишет талаага эмес.Тузмо туз жоопкерчилик ошоллрдун мойнунда
13.02.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала-бакчаларга онлайн видео козомол орнотуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: