super.kg logo

Күбө: "1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп турган келинди унаа сүзүп кеткен жерде кырсык көп болот"

 

Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги жөө адамдар өткөн белги бар жерде кырсык көп болот. Мындай кабарды ошол жерге жакын жашаган жашоочулар 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткенинен улам айтып беришти. Кырсыктан 34 жаштагы келин көз жумса, бөбөктүн өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер анын бир бутун кесишти.

Бул каргашанын күбөлөрү дал ушул жерде катталган бир канча кырсыктарды көргөндүктөрүн SUPER.KG порталына билдиришти.

"Бул жерде №46-мектеп жана №21-дүлөйлөр жана дудуктар интернаты бар. Алар эч нерсе укпайт, унаанын үн белгисин да уга алышпайт. Негизи Элебесов-Витебский көчөсүнө 2013-жылы эле жол чырак коюлсун деп каражат бөлүнгөн, ошол кездеги мэр Кулматов өзү кол койгон. Бирок ал жол чырак башка жакка коюлуп калган. Ошондон бери жол чырак жок, эми минтип адамдар кайра-кайра кырсыкка кабылып көз жумуп жатышат", - дейт аймактык комитеттин жетекчиси Екатерина Плеханова.

Окуянын күбөлөрүнүн бири Ырыскелди Артеловдун айтымында, жолдун ортосуна жөө жүргүнчүлөр үчүн белги чийилгени менен, жол жээктеринде адамдар үчүн ыңгайлуулук да коопсуздук да сакталган эмес. Мындан тышкары ал жерден жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн токтогон унаалар өтө аз, көбү жогорку ылдамдыкта айдап өтүп кетет.

"Ал жерде жол кырсыктары көп болот. Оор жаракат алгандар болбогонгобу, айдоочулар өздөрүнчө чечишип алып, андан ары жолун улап кетишет. Мындан улам бул жердеги унаалардын сүзүшүүлөрү каттоого алынбай, билинбей калат. Жол четтеринде тосмо, жөө адам аллеядан өтүүгө шарттар түзүлгөн эмес. Артыңды карасаң эле чуңкур арык, балалуу адам эмес, жөн адам өтүүдө кооп жаратат", - дейт Артелов.






Жол кырсыгынан келинчегин жоготкон жаран: "Кызым апасын сурап ыйлап жатат"

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
SUPER.KG видео
14.02.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
joldu, jol erejelerin saktabay omur kiygandardi, omur boyu invalid kilgandardi ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-14 11:42:04
14.02.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркекче суйлоду
14.02.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иий байкушум кичинекей энесин сагынат да, журогум ооруп жатат
SUPER.KG видео
14.02.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Олдо байкушум ай кичинекей бутанан айланып кетейин эхх зейним кейип жатат тугандар
SUPER.KG видео
14.02.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кана жанагы Болот деген бала ушундай тартиби жок айдаган айдолулар менен курошсонор жакшы болмок. Гаилер пешеходту откозбогон айдочуга штрафты салбайсынарбы олчойтуп эле 2 минден 5 минге чейин
SUPER.KG видео
14.02.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эхх...кандай өкүнүчтүү!!
SUPER.KG видео
14.02.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай озун сакта боодо кырсыктан
15.02.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зебра туура эмес болгон. Тротуар жок, арык аркылуу откон жол. Жолду кабыл алган комиссияны жоопко тартуу керек.
SUPER.KG видео
15.02.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол жолдун шартын тузбогон адамдар да жооп бериш керек. Ой келди жерге пешеход тузо беришеби адамдар ото албайт го ал жерде . Машина айдагандар эмне пешеходторду билишпейби учуп айдашат го боктон кур калып кетип жаткансып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: