Баңгизатын сатууга шектелип 3 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиядан кармалды
3 жылдан бери тергөө ишеринен качып эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиянын Астрахань облусунан кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кармалган жаран "Кара узек" өткөрүү бекетинен чек арачылар тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал "баңгизатын алып-сатып жүргөн топтун мүчөсү" деп шектелип, Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдары тарабынан 2014-жылдан бери изделип жаткан.
Кармалган адам териштирүү иштерин жүргүзүүгө жана экстрадициялоо маселесин кароо үчүн полицияга өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.