super.kg logo

Экс-президенттин доосун төлөп берүү үчүн журналист Нарын Айыптын батири сатыкка коюлбай турган болду

 

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Нарын Айыптын батирин сатыкка коюу талабы менен кайрылган экс-периздент Алмазбек Атамбаевдин өкүлүнүн арызы каралды. Отурумда Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков аталган батир журналисттин баш калкалоочу жалгыз жайы экени аныкталганын, ошондуктан анын батирин сатыкка коюу боюнча арыздан баш тартарын айтып өтүнүч келтирди. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.

Буга чейинки соттордун чечими менен Нарын Айып экс-президентке моралдык чыгым катары, 9 миллион сом доого жыгылган. Журналисттин айтуусуна караганда, учурда ага адамдар жардамдашып жатып 300 миң сомдон ашуун каражат чогулган.

"Мен баш-аягы 9 миллион сом доону төлөп беришим керек эле. Учурда жардамдашууну көздөгөн адамдардан чогулуп жатып, сом менен 300 миң болду. Андан сырткары доллар евро менен да бергендер бар", - дейт журналист.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев доо арызды төлөтүү үчүн Нарын Айыптын Бишкектеги үйүнүн үчтөн бир бөлүгүн, Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатыкка койдурууну соттон өтүнгөн.

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
22.02.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тогуз миллион доого чечим чыгарган соттор иштен кетиши керек элдин эсебинен жашап жатып бир адамдын буйругун аткарганы үчүн
Jelezo түзөттү 2018-02-22 11:15:50
22.02.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Миллион сом ....аны кантип табат.Ата бабаларыбыз айткан баш кесмек бар тил кесмек жок деп .Демократия дейсиңер чиновниктер кайда калды силер айткан демократия?
22.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демократия, соз эркиндиги деп кыйкырган чиновники кайда журушот сот бир адамдын буйуртмасын аткарып жургонун коро алышпай? Уят аша уят.
22.02.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечиресиздер, бул журналисттер Ашаны эмне деген эле, айтып койосуздарбы, же ссылка жиберип коюнуздарчы
22.02.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келгиле Кыргыз элим 1сом 5сомдоп акча жыйалы рас акчасы жетпей атса Ашанын 9млн ду биз эле жыйып берели бир адамга жук болбосун
22.02.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ysyk koldo kottedj bolso naryn ayp dele norm ele eken. bar ekenda
22.02.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zevs,Сен окуп анан жазасынбы?Окусанда тушунбойсунбу?Кимдин коттеджи экени жазылып турат.Тушунбосон тушунуп ал Нурлан Айыптын уйун учтон бир болугун,Чолпон Жакупованын Колдогу коттеджин сатыкка койдурууну соттон отунгон Аша деп жазылып турат!
Azatbek83 түзөттү 2018-02-22 14:07:07
22.02.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коомчулукка тарабаганда 90 жаштагы энеси айтпаганда кечирмек эмессин!Жеп тойбойт экенсин.Соттор дагы деле ошонун буйругун аткарып журосунорбу?!Наалат силерге!
22.02.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдер кызык элебиз ээ, кечөө эле үйүн албай койсо эмне деп аттык эле, бүгүн Экс-ажобуз айкөлдүк кылып албайм деп атса деле жактырбай жатабыз ((Жашоого позитив менен карагылачы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: