super.kg logo

"БШКга Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны экенин тастыктаган расмий маалымат түшө элек" дейт Бекматов

 

"Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны экенин тастыктаган расмий маалымат түшө элек", - деп бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал расмий маалымат түшкөндөн кийин гана мандатынан ажыратуу маселеси карала турганын айтты. "Биз бул тууралуу маалымат каражаттарынан эле окуп жатабыз. Расмий документ келгенден кийин БШК жыйын уюштуруп, маселени карайт. Бизге расмий маалымат түшө элек", - дейт ал.

Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы депутаттын кош жарандуулугун тастыктаган маалымат келип түшкөнүн билдиришти.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 2 айга камакка алынды.






Казакстанда кармалган Кыргыз депутатынын кош жарандыгы ачыкталды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.02.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер тушсо да тушподу дейсинер да, бшканы чекеден тазалаш керек.Арам акча алыс алып барбайт, бир кун болбосо экинчи кун кусасынар.
22.02.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Желмогуздан да жаман экенсинер акчасын алып билип айтпай жургонсунор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: