Бишкекте көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыгып, 14 жаштагы өспүрүм жабыркады
Бүгүн, 22-февраль күнү Бишкек шаарында Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 14 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:20да көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан өрт чыкканы тууралуу Өрт өчүрүү кызматына маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 2 тобу тартылып, өрт саат 16:42де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм жабыркап, Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда, алдын ала айтылган маалымат боюнча өрт башка батирлерге өткөн эмес.
Өрттөн качып 5-кабаттан секирген өспүрүм көз жумду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
century

22.02.2018. 17:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Электр чубалгыларынан же шаймандардын эскилиги жеткендиги кунолуу да башка эмне кунолуу эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.