super.kg logo

Өзгөндүн, Ноокаттын тургундарыбыз деп Кыргыз паспортун көрсөткөндөр кытайлыктар болуп чыкты. Жасалма паспорт жасагандарга кылмыш иши козголду

 

Жасалма паспорт менен чет өлкөлүк жарандар колго түшүрүлүп, аларга жасалма паспорт жасап жүргөн Кыргыз жарандары да аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Суу районундагы "Оомат" соода базарында Кытай Эл Республикасынын уйгур улутундагы жаранын текшерген учурда ал Кыргыз Республикасынын жараны Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Ф.Раджапов экендигин айтып, жарандык паспортун көрсөткөн. Ал жарандын үстүнөн кылдат текшерүү жүргүзүлүп, Кытай Эл Республикасында 1973-жылы туулган А.А. экендиги белгилүү болгон. Ушундай эле ыкма менен дагы бир кытайлык жаранды текшергенде ал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 1977-жылы туулган М.Рахманов экендигин айтып, паспортун көрсөткөн. Ал адам да чынында Кытай Эл Республикасынын уйгур улутундагы жараны М.Т. экени аныкталган.

4 айга жакын иликтөө иштеринин негизинде жалпысынан 4 чет өлкөлүк жана 1 Кыргыз жаранына мыйзамсыз паспорт жасалгандыгы аныкталган. Бул иш боюнча 350-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, жасалма паспортторду мыйзамсыз жасагандыктары үчүн Ноокат районунун Жаңы-Базар айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн адиси 1961-жылы туулган К.М. жана Өзгөн шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган А.Н. аттуу аялга кылмыш иши козголуп, сурак беришүүдө.

Учурда мыйзамсыз паспорт менен кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мыйзамсыз паспорт алган мындан башка да адамдар болушу мүмкүн экени айтылып, иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
22.02.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх кудай не болуп жатат
23.02.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tttalant,
Не болуп жатат эле эптегендер эки си✓ип датат да
22.02.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Камагыла баарын бергенди да, алганды да. А-то Россейде канча тажик көрдүм силерде паспорт арзан деп Кыргызстан паспорту менен жүргөнүн. Кыргызга кайнаса каны кошулбайт
22.02.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба
Аргасыздан кулкун келет ыйды бу Жогорку акчага алданган инсандарыбыз тушунбойт ов...
Азаматсынар акча учун кытайды кыргыз кылган шылуун байкуштарым
22.02.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рас болуптур чекеден камаш керек.Россияда эле эмес бизде Кытайларда кыргыздар дешовый дейт.документ не проблем дегендечи куйуп кетесинго .Президентибиз ушул паспорт столду тытсагооо окмотко миллиард каражат тушмок.кустуруш керек паспорт столдогуларды
22.02.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир паспорт столду мурда берилген паспортторун кылдат текшерип чыкса табылат. Ал жерде коррупция мурунтан эле аябай өнүккөн. Кыргызстанда жашабай туруп кыргыз паспорт алган тажиктерди көрүп эле жүрөбүз.
22.02.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул нерсе жаңылык деле болбой калган го.Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган Кытайлыктар менен Өзбекстандыктар аябагандай көп деп илгертеден эле угуп келатабыз.
22.02.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин паспорттун паркын кеттириштиго,корунгон улуут сатып алып. Чыныгы кыргызмын деген жарандарыбыз паспортко жетте албай журушот. Жада калса балдарына пособие чыгарта албай кебир семялар журушотко.
22.02.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саткыла, акыры өзүңөрдү да сатып жибербесеңер эле! !
22.02.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
27жылдан бери эчнерсе чечилбеди Коррупция менен курошобуз дешет толк жок азыркы бийликта ошондой биз эл дагы эле алданып отура беребиз суйунуп
22.02.2018. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россияда Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары кыргыз паспорт менен жүрүшөт админ тийиштүү органдарга билдирип койсоңор
22.02.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мээр озбек базарком озбек паспорт столдо озбек водителский права Берген жерде озбек баары озбек чон кызматта биз Кыргызстан да жашап жатабыз бы же озбекстанда жашап жатабызбы
23.02.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Паспортту только аскердик милдетин аткарып келгенден кийин берсе корот элек кайсы башка улут туугандар алар экен
23.02.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
muzhik_18, не годныйлар эмне болот анда
23.02.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КРдагы кытайларды катуу текшериш керек
23.02.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин квартирада озбек бала жашайт ошол дагы жасатып келди IDадикард паспорт Москвадан эле жасатыптыр озбектер ай сайын патент толошот экен ошон учун алды окшойт. Качан кыргыздар токтотушат ушундайды
23.02.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазаларын алышсын болумдун башчылары акмактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: