Ошто индиялык студент каза болду
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин алтынчы курсунун студенти, Индиянын жараны Сураб Тирави каза болду. Ал катуу ооруп Ош облустук ооруканасына алынып келгени, бирок операция жасалганына карабай каза болгону маалымдалды.
Маалыматка караганда, Ош облустук ооруканасында чет өлкөлүк студентке тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ал ооруп каза болгону айтылды. Азырынча дарыгерлер анын кандай дарт менен ооруганын аныктай элек.
Айта кетсек, буга чейин 2016-жылдын ноябрь айында ОшМУнун медицина факультетинин студенти каза болгон. Анын жүрөгү ооруганы айтылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Айланайын дарыгерлер түз эле айтып коё бергилечи кыйратып изилдеп анан жыйынтык чыгарсаңар да мейли эле.
Боору жоктор акча болсо болду аларга...
АЛЛАХ сактасын,Өз үйүңдө өлгөнүң еле жакшы...
..ойноп суйлосонор да, ойлоп суйлогуло. Анда Кыргызстандагы медицинаны жоюп салалы пайдасы тийбесе...