super.kg logo

Талас ОИИБи: "Денесине 20 жолу бычак сайылган жаран эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген эмес"

 

Таласта денесине 20 жолу бычак сайылган жаран эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-февралда Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

"Денесине 20 жолу бычак сайылып, ооруканага түшкөн 42 жаштагы жаран эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген эмес. Бирок анын спорттун бул түрү менен алектенип жүргөнү белгилүү болду", - дейт басма сөз катчы.

Андан сырткары, шектүү бул кылмышка жубайын кызгануудан улам барган деген маалымат такталып жатканын да кошумчалады.

"Мындай кадамга шектүү жубайын кызгануудан улам барган деген маалымат учурда такталып жатат. Буга чейин ал 1 жыл жубайы менен таарынышып, эки бөлөк жашап жүргөнү, жакында эле кайра жарашып чогуу жашай башташканы такталды. Кылмышты жасоого эмне себеп болгону тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, буга чейин Талас ОИИБинен 31 жаштагы адам 42 жаштагы жаранга 20 жолу бычак сайып салганын билдиришкен.






Жубайын кызганган жаран спортчуга 20 жолу бычак сайган

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: