super.kg logo

Милиция Кара-Суудагы 54 жаштагы адамдын өлүмүнүн чоо-жайын айтты

 

Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 54 жаштагы Н.Х. аттуу тургунун мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү катары 3 адам 28-февралда кармалган. Бүгүн, 2-мартта Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева окуянын чоо-жайын айтып берди. Ал белгилегендей, шектүүлөрдүн бири аны менен Орусияда бирге иштеп келген.

"Козголгон кылмыш ишинин негизинде Ош ОИИБинин жана Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1994-жылы туулган Х.Б., А.А. жана 1993-жылы туулган Б.У. аттуу үч адам кармалды. Алардын бири Х.Б. үйүндө жашынып жаткан жеринен, Б. У. Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда өткөрүү пунктунан, А. А. чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган.

Шектүү Х.Б. өз көрсөтмөсүндө маркум менен Орусияда бирге иштегенин, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого эки досун үгүттөп, 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө үйдүн арткы тарабындагы дубалдан ашып өтүп киришкенин айткан. Үйгө кирип барышкандан кийин үй ээси уктап жатканда 3-4 жолу балка менен башка уруп өлтүрүп, баштыкта сакталып турган документтерди жана акчаны алып чыгып кетишкен. Бирок документтерин талаага алып барып өрттөп салышкан экен", - деди Сатарбаева.

Учурда шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.03.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
господа опера молодцы милициянын ен оор жугун уголовный розыска тартат угро это матор милиции милиция жеп жатат коркутуп жатат деп суйлойсунор милиция бар коопсуздук бар
02.03.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашагандан коркосуң өз үйүңдө
02.03.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер экен
04.03.2018. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өөлөр го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: