super.kg logo
  Спорт  

Мушкер Алмазбек Раимкулов үйлөндү. "Жубайым экөөбүздү чынчылдык, таза махабат бириктирип турат" дейт ал

 

Дүйнөгө Кид Даймонд деген ат менен таанылган кыргыз боксчусу Алмазбек Раимкулов үйлөндү. Алмазбек Раимкулов буга чейин теле алпаруучу Ассоль Молдокматовага үйлөнгөнүн көпчүлүк билет. Экөө тил табыша албай калыштыбы, айтор, көп узабай ажырашып кетишкен. Ассоль айымга чейин ал Динара аттуу айымга үйлөнүп, экөө 2 балалуу болушкан.

Алмазбек мырза менен жаңы турмушу, акыркы учурда эмне менен алек экендиги тууралуу маек курдук.

Алмазбек мырза жубайы Айжамал менен

- Алмазбек мырза, саламатсызбы? Куш бооңуз бек болсун.

- Рахмат, үйлөндүм. Мендей эркек кишиге жалгыз бой жүрүү жарашпайт.

- Келинчегиңиз да спортчу окшойт. Спорт залда түшкөн сүрөттөрүңүздөн улам ошондой ой келди.

- Жубайым спортту, спортчулардын мээнетин түшүнгөн адам. Дайыма мени колдоп, жөлөп-таяп жүрөт. Аты Айжамал.

- Кантип таанышып калдыңыздар?

- Ата-энелерибиздин жардамы менен, анан, албетте, Аллахтын буйругу менен таанышып калдык. Бизди бири-бирибизге болгон жылуу сезимдер, чынчылдык, турмушка көз карашыбыздын төп келиши жана чыныгы махабат бириктирип турат.

- Ошондо сизди жубайыңыз эмнеси менен тартып алды?

- Албетте, жубайымдын биринчи сулуулугу, эч кандай жасалмалуулугу жоктугу, жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү жана дайыма чындыкты сүйлөгөндүгү мени өзүнө тартты.

Жакында эле туулган күнүм болду. Мен негизи туулган күндү белгилебейм, бирок жубайымдын уюштуруусу менен өзүм машыктырган балдардын жанында мыкты деңгээлде өттү.

- Айжамал эмне менен алектенет?

- Азыркы учурда келинчегим жанымда, менин бизнестериме жардам берет. Андан тышкары да өзүнүн жеке бизнестери бар.

- Акыркы учурда Орусияда деп уктук эле. Ал жакта эмне менен алектенесиз?

- Ооба, Москва шаарында өзүмдүн бокс академиямды ачып, жаш муундарды тарбиялап жатам. Кыргыздын келечектеги чыгаан патриот спортчуларына жол көрсөтүүдөмүн десем болот. Ал жакка кеткенимдин себеби Орусиянын Спорт министрлиги менен келишим түзүп иштеп жатам.

- Ишиңиздин жүрүшү кандай, кыйынчылык болгон жокпу?

- Албетте, башында кыйынчылык болду. Бирок акырындык менен көнүп, ийгиликтин даамын тата баштаганда анын баары унутта калды. Азыркы учурда бизнес, спорт менен алекмин. Менин ишенген профессионалдуу машыктыруучуларым бар, алардын үстүнөн карап айта турган сөздөрүмдү айтып турам. "Кид даймонд" бокс академиямда спорттун 4 түрү бар, бокс, грэпплинг, ММА, тай боксу.

- Спорт академияда ар улуттун өкүлдөрү машыкса керек...

- Ооба, ар улуттун өкүлдөрү машыгат. Кыргыздар да көп. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Кыргыз желеги менен чыгышат. Академиянын ачылганына 1 жылдын жүзү болду, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Буюрса, баары алдыда, эми дүйнөлүк аренадагы чемпиондорду даярдоо менен алектенем.

- Буга чейинки таймаштарыңызга кайрылсак, профессионалдык спорт аймагында канча жолу жеңилүү ызасын тарткансыз?

- Профессионалдык спорт аймагында отуз мелдештен эки жеңилүү бар. Он сегиз нокаут менен жеңишке жетишкем. Спортчулар үчүн бүт эле таймаштар эсте калат. Ар бир таймашуучу жеңүү максатында чыгат. Эң эле эсте калганы, ошол учурда ата мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдер эсте калат.

- Кыргыз өлкөсүнө качан кайтып келесиз? Көп убакыт АКШда болдуңуз, андан кийин Орусияга кеттиңиз...

- Буюрган күнү барабыз. Кыргыз мамлекетинде иштейбиз деген жаштарга оңдуу шарт түзүп бербей жатышса кантип барабыз? Ошондуктан биздей патриот жигиттер өз мекенине салым кошо албай, сыртта жүрүшөт.

- Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(39)
05.03.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Асель айтты элего жалганчы экен деп.
05.03.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Спортчу болгону эле болбосо ХХХХ эмес экен, адам канча жолу суйот. ХХХХ эркек экен. Кез келишип калсам бетине айтмакмын, аялы мн жарашып балдарына аталык тарбыясын берсин биринчи
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-05 15:31:12
06.03.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AKCAHAT,Мурданды кыйшайта койот Антип айтыпда болупсун,не кыласын бироонун жашоосуна аралашып
05.03.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Уйлондум деп за одно озунун спортивный залын реклама кылып алыптыр го
05.03.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул аялы менен ажырашпай жашасын эми бул ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-05 16:17:01
05.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мыкты спортчу
05.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы комментарийи туура!
05.03.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын болбой бетине айтпайсыңарбы!
05.03.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ассольду кичинемден суйуп, кыялданып, максатыма жеттим деп атты эле го. татынакай кыз экен. бактылуу болушсун.
06.03.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jdn11,Максатына жеткичеда булар ХХХ
05.03.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Arlenchik, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды жазууга тыюу салынат.
05.03.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ассоль мн берген интервьюсун [moderated]дан коруп алсанар ким ким экени даана билинет,жаш муундарга жол ачып тарбиялаганча балдарына-барса жакшы, аял алып коебергенгеэркекке кантип тиеберет аялдар?!
05.03.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+68
Мотуев экоонуздор бизге кыз калтырбай турган болдунуздар. Бактылуу болунуз. Женемдин атын Токтокан коюнуз.
05.03.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
voennyi88, олтурупсунор да!!!
05.03.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эркек жакшы болсо биринчи аял кетпейт
05.03.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аялдан аял алмаштырган эркекчиликке жатпайт
05.03.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун тагдырын билбей туруп сын айтбаш керек,бактылуу бол иним азамат
05.03.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болду Эми башка ажырашпа токтот ушунун менен.башкаларга да калсын кыз келиндер. менин билишимче ушул 4-чусу
05.03.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мактанчаак
05.03.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир эркекте сезим болот. Ар бир адам адашат. Акыл эстуу адам ошол каталарынан сабак алат кийин. Бироонун жеке жашоонор менен ишинер эмне? Ийгилик гана каалайм, бактылуу болгулв
06.03.2018. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kubinis,Канча жолу адашып? Канчажолу ажырашып сабак алат?
05.03.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду эми Алмаз мырза аялыныздын атын Токтокан коюп алын.
05.03.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Үйлөнсөңөр деле,катын алып ажырашсаңар деле тынч эле жашай беришсе жарыя кылбай.Эми эртен ажирашип кеттик дебесе эле болгону.
05.03.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мендей эркек, биздей патриот...деп аябай эле болуптур го. Бактылуу болсун
05.03.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоооо мактанчак неге мактанасын я
05.03.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болду эми Алмаз,XXXX тый да, спортчу жаштарды өстүр,техникаңды үйрөтүп кетти жаштарга.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-06 09:33:33
05.03.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birinchi sululugu jakty deptirgo
05.03.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оооо адамдар мерез болбонуздар эркекби ,кызбы багын бербесе кыйын эле болот жашоодо бактылуулук тилейли жалпыбыз дубабыз кабыл болсун адашпаган Ким бар
05.03.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустардын жакшы макалы бар "чужая семья темный лес" деген. Алмаз кандай болсода Кыргыз желегин дуйного желбиреткен. Азыркысы ал жеке турмушу!
06.03.2018. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец! Особенно последнюю слову в точку сказал..
06.03.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эменеси болсода бактылуу болушсун
06.03.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
06.03.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы, Ассоль Молдокматовадан да сулуу экен. Бактылуу болгула.
06.03.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозунарга келгенин жаза бересинерби? Ошол ийгиликтерге жетип алгылачы биринчи. Бир оор сокку жегенде суйлоор созунорду эмес башынарды таппай калмаксынар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: