super.kg logo

Шавкат Мирзийоев чиновниктерге тойго барууга тыюу салды

 

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоев мамлекеттик жогорку кызматтагыларга тойго барууга тыюу салды. Бул тууралуу Азаттыктын Өзбекстандагы кызматы редакциясына келип түшкөн аудиону негиз кылып жазды.

Маалыматка ылайык, президенттин тойго барууга тыюу салуу жөнүндө айткандары 27-февралда Таншкентте экспорт жана импорт тууралуу өткөн видеоселекторлук жыйында жазылып алынган. Анда мамлекет башчысы чиновниктердин адилет иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзгөндүгүн, эми алардан эл үчүн таза иштөөнү талап кылган убакыт келгенин айткан.

"Эртең бул боюнча токтом чыгат. Министрлерге, акимдерге, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө той-салтанаттарга барууга тыюу салынат. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкердин унаасын чайканалардын алдынан көрүп кала турган болсом, ошол эле күнү аны жумуштан бошотом жана жазалайм", - деген Мирзийоев.

Анын айтымында, коррупцияны жок кылуу максатында чоң тойлорду өткөрүүгө жана ага мамлекеттик чиновниктердин баруусуна тыюу салууга аргасыз болгон. Ошондой эле ал той өткөрүү калктын бардык катмарына жана жалпы чиновниктер арасына кенен жайылып, калкка туура эмес таасирин тийгизгенин белгилеген.

"Мен баш болуп бир да чиновник тойго, туулган күнгө барбайт. Ал убакыттар өтүп кетти. Мунун баары элдин кыжырын келтирип, ачуусуна тийип жатат. Эми той, салтанаттар жогорку кызматтагы адамдардын катышуусуз эле өтөт. Премьер-министр бардык жардамчылары менен тойго барат, ал жердегилердин баары туруп турат...Сен ошол тойго коротулган 20 килограмм эттин ордуна кедей-кембагалдарга жардам берип, үйүн оңдоп бер, телевизор сатып бер", - деген Мирзийоев өз сөзүндө.

Президент айткан жаңы токтомго ылайык, эми Өзбекстанда тойдо берилүүчү эртең мененки палоого тыюу салынат, той салтанаттарынын убактысы түшкө жылдырылат.

"110-120 адам. Болду. Эң көп дегенде 150 кишини чакырууга болот, ал дагы атайын комиссиянын уруксаты менен болушу керек. Башка той болбойт. Эч жерде. Үйлөнүү үлпөтүндө жалаң гана жаштар сейилдесе жакшы болмок. Мен мындай токтом чыгарууга аргасыз болдум. Үйлөнүү үлпөттөрү саат 13:00дөн 14:00гө чейин гана өткөрүлөт", - деп айткан Өзбек президенти.


кошулду





Өзбекстанда аш-тойлордогу ысырапкорчулукка чектөө киргизиле баштайт

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Комментарийлер(36)
05.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Чындыкты айтыптыр. Бизде ушундай мыйзамдар иштесе жакшы болмок.
05.03.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+51
Кыргызды тойлор еле кыйнап койот бизге да ушундай мыйзам керек
05.03.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Туура,эң туура мыйзам
05.03.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Кандай соонун иштейт. Азаматсыз. Бизге да бизгеда насип кылсын.
05.03.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Мыкты президент!!!
05.03.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Бизде эки үч күндөп той беришет ко бизге да ушундай мыйзайм чыгарыш керек
05.03.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Биздикилер ушунун тескерисин кылышат
05.03.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жогорудагылар ушул малыматы угушар бекен ээ
05.03.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ой бизде дагы ушул мыйзамды кабыл алышса сонун болмок.азыр бирине бири атааңдашып ашырып жиберип атышат .кыргызча десең толук кандуу кыргызча эмес,орусча десең орусча,өзбекче десе өзбекче салт эмес.ысырапкерчилик иши кылса
05.03.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизде эл бири-бири менен атаандашып жашайт. Катташ деген бар...Той берген адамга кошкон каражатты кээси кайтарып алуу учун кайра той беришет. Мына кечээ жакында бироо той берип аягында ресторанга коп суммада акчасы жетпей калды. Мындай окуя коп эле болсо керек. Бизге да ушундай мыйзам керек!!!
05.03.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ооба бизде да жоюу керек. Премьер министрдин туулган күнүнө губернаторлор келет. Алар акимдерге, акимдер айыл өкмөт башчыларына салык салат. Анан алар берген акчасын чыгарып алуу үчүн мыйзам бузат, пара алат. Балык башынан сасыйт деп бекеринен айтылбайт. Өйдөдөгүлөр пара албай таза иштесе ылдыйдагылар биринчиден мажбур болбойт экинчиден пара алгандан ойлонмок.
05.03.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil,+++++++
05.03.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атасына рахмат!
05.03.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Эч кандай майнап чыкпайт.
05.03.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура чечим, өзбек ажосу эр экен..
05.03.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таджикистанда деле ушундай мыйзам бар. Бирок Таджикистанда жашаган ошол эле озубуздун кыргыздар ашырып,ысырап болуп жатат.Мамлекетти куноологон да болбойт.(биздеда чыгарсын дегендей). Ар бир адам, Уй було таза болсо коом таза болот,озубуз деле тыйылсак болот, элдер бирин бири коруп токтойт.Эл корсун дегенди ташайлы.Бул ысырап динибиздеда айтылган.
05.03.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Биздикилер кетерман катындай болуп кунун санап журуп алты жылды откозуп жиберет
05.03.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бизде тойдк андай откоро турган болсо артисттер ачка калат ко
05.03.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде бири бирине баш ийүү деген жок. Башчы мыйзам кабыл ала берет, бул жактагылар тетирисин жасай беришет.
05.03.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эгер ушул сымал мыйзамдары иш жузундо орундалса Озбекстан алдынкы 10жылдыкта Казакстандан озуп Борбордук Азиянын эн онуккон олкосуно айлана алат. Булардын парламенттик сессиясын корсонор тан каласын "чукк" эткен ашыкча дабыш жок, тантыраган ойду тоону суйлогон бир да депутат жок ажылдаган катындар жок Карамушкина сыяктуу отугун торго илген башка улуттун окулу жок. Жаш баладай урушат экен президент.
AKCAHAT түзөттү 2018-03-05 14:44:01
05.03.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
AKCAHAT,президент ошол үчүн президент да,бир адам жоопкерчиликти алуу керек,жогорку жакты коюп өзүңдүн үй бүлөңдү эле алчы тартип болбосо үйбүлөң эмне болот.
05.03.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дуйнодогу 10 таасирдуу лидерлердин катарына киргенго шавкат ака
06.03.2018. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lenovo820, Шавкат акам деп албапсында биротоло
05.03.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде да ушундай козомол керек, Байкуш канчалаган мага окшош бойдоктор Орусияда 1 кундук той учун иштеп журушот
05.03.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздан мындай эр азамат чыкпайт эми , чыкса дагы бийликке жетпейт , жеткиришпейт.
05.03.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен кокустан аудиосун угуп калдым эле. Толук тушунбодум го бирок Ташкентте 4 кызы бар адам озун асып олгону жакшы дегенин тушундум да. Буларда отоле ашыкча, айрыкча кыз тарапка аябай кыйын. Бизде да ушундай чеги менен болсо жакшы болмок. Кудайга шугур азыр эми копчулук эле тушунуп калды.
05.03.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда жашоо жакшы кудайга шугур былтыр Намангандан торт Озбек алып чыгып уй салдырдым жашоолору ото эле оор экен айтып отурушса бизде кыймылдасан сонун жашасан болот аракетке берекет
05.03.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде.
05.03.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай мыйзамдарды кыргызчага которгула, мыйзамга киргизгиле, кайдагы батыштын мыйзамын которуп, колдоп өзүбүздүн мыйзамга киргизүүнүн аракетин жасабай!
05.03.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ысырапкорчулук Кудайга дагы жакпайт!
06.03.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада посольстводогуларга ушул законду киргизиш керек ,себеби алар жумасына жети кун тойлойт.
06.03.2018. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шакирти устатынан отуптур болуптур,молодец
06.03.2018. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге да Шавкаттай элди ойлогон башчы бере кор, Кудайым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: