super.kg logo

АКШдагы шайлоо: Демократтар Конгрессте тарыхый жеңишке жетти

 

Америка Кошмо Штаттарында 3-ноябрда өткөн Конгресске орто мөөнөттөгү шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды. Анда оппозициялык Демократиялык партия ишенимдүү түрдө алдыга чыгып, Конгресстин эки палатасында тең көзөмөлдү колго алганын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, демократтар жалпысынан 6 орунду тартып алып, 52 мандат менен көпчүлүктү түзүп, палатаны өз көзөмөлүнө алышты. Чоң өзгөрүүлөр Техас, Огайо жана Канзас сыяктуу ондогон жылдар бою республикачылардын "чеби" деп эсептелген штаттарда болду.

Орто мөөнөттөгү шайлоонун жыйынтыгы азыркы президент Дональд Трамптын жүргүзгөн саясатына жана өлкөдөгү инфляция, кымбатчылык сыяктуу көйгөйлөргө шайлоочулардын берген баасы катары каралууда.

Эми демократиялык партия Конгрессти толук көзөмөлдөө менен жакынкы эки жылда президент Трамптын пландарын, мыйзам долбоорлорун жана кадрлык долбоорлорун оңой эле бөгөттөп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Маалымат үчүн: Орто мөөнөттүү шайлоо (Midterm elections) - бул АКШда президенттин төрт жылдык мөөнөтүнүн дал ортосунда өтүүчү жалпы улуттук шайлоо.
Бул шайлоодо өлкө башчысы тандалбайт, бирок мыйзам чыгаруу бийлиги (Конгресс) толугу менен жаңыланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: