super.kg logo

Чолпон-Ата шаарында бала бакчанын курулушунда мыйзамдын бузулушу боюнча кылмыш иши козголду

 

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата шаарында бала бакчанын курулушунда мыйзамдын бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, долбоорго ылайык, курулуш иштерин жүргүзүүдө жалпы чыгымдардын суммасы 31 миллион 416 миң сомду түзөт. "Курулуш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн 21,5 пайыз каражат кошумча чыгаша бөлүнмөк. Бирок аталган шаардын мэри кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, тийиштүү уруксат албай аткарылган иш үчүн 25,9 пайыз кошумча чыгым сарптаган. 4,4 пайыз кошумча чыгаша кетирип, мамлекетке 1 миллион 382 миң сом зыян келтирген. Бул факт боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренелери менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: