super.kg logo

Өзгөн районундагы бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду

 

Ош облустук прокуратура тарабынан Өзгөн районундагы бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы 15-июлда Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында бала бакча куруу боюнча Ош облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы "Э.Н" ЖЧКсы менен 20 миллион 652 миң сомдук келишим түзгөн. "Келишим боюнча, бала бакчанын крулушу 2016-жылдын 25-августуна чейин аякташы керек болчу. Бирок курулушка бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз менчиктештирилип, бала бакча мөөнөтүнө чейин бүтүрүлгөн эмес. Келишимге кол койгон тараптар мамлекеттик бюджетке 3 миллион 979 миң сом зыян келтирген", - деп жазылат маалыматта.

Бул факт боюнча "Кызматтык жасалмачылык", "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.03.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы иштеп башташканбы,жалган айтпасам бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду деп 3-4тема жүрөт.Болот экен го иштесеңер,эми больницага ишке орношуудагы коррупцияны жоюп берсеңер иттей сонун болмок.
12.03.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле бала бакча эмес туалет курганы шапкесин бербесен тендерден утпайсын мындай көрүнүштөр толтура прокурорлор өздөрү аралашкан балык башынан сасыйт
12.03.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корупцияны садиктен баштаганы туура чечим.
12.03.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садиктен АК ҮЙГӨ чейин тазаласа жакшы болмок.
12.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар коррупционерлер менен күрошүп жаткандары.Өзгөн МЭРиясындакы былыткы иштерди да көз кырын салып коюшса жакшы болмок.Өзгөн квартал комитетинде иштеген аялды Өзгөн МЭРияда иштеген Тайлаков,Атажанов дегендер мажбурлап арыз жаздыртып иштен алып,өзү каалаган эл менен иштеше албаган жаш баланы коюшуп былыктары чыгып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: