super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашырбек Чокубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашырбек Чокубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-мартта Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өттү. Ага мамлекеттик жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Казакстандын белгилүү актёрлору, кесиптештери жана туугандары катышты. Андан соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Театр жана кино актёру “Кожожаш”, "Курманжан датка" жана башка фильмдерде роль жараткан. Ал гана эмес, коңшу казак элинин бир далай тасмаларына түшүүгө жетишкен. Буга белгилүү “Көчмөндөр”, "Баатыр баяны", "Талаадагы куушмак" жана башка фильмдери далил боло алат.

Айта кетсек, Ашырбек Чокубаев 11-мартта каза болгон. Ал 1947-жылы 4-декабрда Өзгөн шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Атасы кыргыздын белгилүү артисти Назарбек Чокубаев, апасы Турсун Чокубаева да театрда иштеген. Актёр Фрунзе шаарындагы №6, №9-орто мектептеринде билим алган. Мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы Бүткүл Союздук кино тармагы боюнча институтун аяктаган. Жогорку билимге ээ болгондон кийин Кыргыз драма театрына актёр катары ишке кирген. Бүт өмүрүн актёрлукка арнаган Ашырбек Чокубаевдин артында Адыл жана Кылыч аттуу 2 уулу калды.






Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу: Кыргыз маданияты алп таланттан айрылды

Автор: Сүйүн Кулматова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.03.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак илбирстин тукуму менен Кожожаш эки башка кинобу?
SUPER.KG видео
13.03.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таланттуу актер. Талантына таазим. Омуру отуп кетсе да, эмгегин эл эстейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: