super.kg logo

Дүкөндү жардырам деп коркуткан жаран "Йакын Инкар" экстремисттик тобуна мүчө болгон

 

Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүн "жардырам" деп коркуткан киши "Йакын Инкар" экстремисттик тобуна мүчө болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 12-мартта болгон. Түнкү саат 03:30дар чамасында баштык көтөргөн белгисиз киши дүкөндү жардырарын айтып, коркутуп жатканы тууралуу Октябрь РИИБине кабар келип түшкөн. Аталган жерге барган райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 31 жаштагы Ош облусунун Н.Т. аттуу жаранын кармашкан. Анын колунан алынган баштыктан эч кандай жардыргыч зат табылган эмес.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 226-беренеси (террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө ачык чакыруу жана террорчулукту ачык актоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психикалык жактан ооруйт экен деп эртен айтып чыгышпаса эле)
14.03.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш тааптыр молодец
15.03.2018. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул уйумду цивилизациядан алыс деп жатышты еле го бомбаны разбираться кылганды билишсе, булардан сак болуш керек екен туугандар. ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: