500 сом үчүн кыйылган өмүр: "Кызым классташтарынын алдында ууру аталганына намыстанып асынып алды"





6-март күнү Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда өз үйүндө асынып алган 9-класстын окуучусу Жаркынай Жеңишбекованын өлүмүнүн себептерин ата-энеси SUPER.KG порталына айтып беришти.
Маркум кыздын апасы Айгүл Токтосунованын айтымында, ал классташтарынын көзүнчө мугалимдеринин "акча уурдап алгансың" деп уяткарганынан намыстанган.
"5-мартта кызым телефон чалып, "апа, мектепке келип калыңыз чогулуш болот" дегенинен барсам, мугалимдери "класстан бир кыздын 500 сому жоголду. Ал Жаркынайдын бутунун алдынан табылды" дешти. Кызым ак да, көк да деген жок. Бала да уурдаса уурдап алгандыр деп ойлоп, "кызым, тиги кыздан, мугалимдерден кечирим сура" дедим. Жолдо келе жатып "апа, мени кечирип коюңузчу, экинчи эч качан атам экөөңөрдү жер каратпайм, бул акыркысы болот" деди. Экөөбүз анын ыйлагандан көзүнүн шишиги тарагыча 2-3 маршруттук таксини коё берип анан үйгө бардык.
Эртеси эртең менен сабакка бар деп ойготтум. Азыр деп коюп улам сыртка кирип, чыгып жүрө берди. Мындай оюн билсем, кызымды жанынан чыкпай кайтарбайт белем. Бир убакта дарбаза катуу жабылды. Мектепке кетти экен деп ойлосом, кетимиш болуп, короодогу бастырмага 2 моюн орогучун улап туруп асынып алыптыр. Мен аны сезбей, туйбай сыртка да чыкпай балдарым менен үйдө отура бериптирмин.
2-класстагы балам саат ондо мектепке бармак. Ал ойгонуп, сыртка чыгып 5 мүнөттөй жок болуп кетип келди да, "апа, эжем муунуп алыптыр" деди. Сыртка чыксам кызым жерде жатат, көрсө балам бычак менен жипти кесиптир. Үйгө көтөрүп кирип, "Тез жардам" чакырттым, атасына телефон чалдым. Бирок алып кала алган жокпуз. Саат сегизге жакын асынса, биз тогуздарда көрүп жатпайбызбы. Бир сааттай асынып туруп калыптыр", - дейт маркумдун апасы.
Жаркынайдын атасы Жеңишбек Муктаров кызынын каза болушуна мугалимдердин да күнөөсү бар дейт.
"Классташтарынын көзүнчө кызымды мугалимдер ууру тутуп, мурун жоголгон буюмдарды да кызымдан көрүшкөн. Мен аларды сотко бербейм, бирок мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.
Кызымдын 500 сомду уурдаган, уурдабаганын чын эле билбейм. Бирок анын мындай жорукту жасаганына ишенбейм. Мугалимдерге нааразы болгонум - кызымды классташтарынын алдында ууру тутушуп, 500 сомду гана эмес, мурун жоголгон буюмдарды да андан көрүшкөн. Мугалимдик этика кайда, алар психолог болуш керек эле го. Уурдаган күндө да, балдар, кыздардын алдында бут кийимин чечтирбей, эгер шекшип жатышса өзүнчө алып чыгып карашпайт беле. Мугалимдер үйгө куран окутуп келип жатышты. Мен аларды сотко бербейм, бирок мыйзам алдында жооп беришсин дейм", - дейт Муктаров.
Ал эми Орок орто мектебинин директорунун тарбия боюнча орун басары Фарида Бейшенбаева мугалимдер балдар, кыздардын бут кийимин чечип текшеришпегендигин, сүйлөшүп турушканда Жаркынайдын бутунун жанында 500 сом жаткандыгын класс жетекчиси көргөндүгүн айтат.
"Жаркынайдын бутунун алдында 500 сом жатканын көргөн класс жетекчи "бул эмне акча" дегенде Жаркынай "ал меники эмес" деп чочуп кеткен. Ошондо эле мугалимдер аны башка кабинетке алып киришип өзүнчө сүйлөшүшкөн. Аңгыча апасы келип калган. Жаркынай акчасын уурдаткан кызга "мен тамашалап койгом, сага берейин деп жаткам, жетишпей калбадымбы" деп кечирим сураган. Социалдык педагог апасына 2-3 күн убакыт өткүчө кызды өзүңүз мектепке алып келип, кайра алып кетип туруңуз, капыстан кырсык болуп кетпесин" деп эскертиптир. Бирок андай болгон жок", - деди Бейшенбаева.
кошулду
500 сом үчүн кыйылган өмүр. "Кызым классташтарынан намыстанып асынып алды"




































1 |