super.kg logo

Оштогу "Фрунзе" ири дүкөнүнүн сейфиндеги акчаны уурдашкан деп күзөтчүлөр кармалды

 

Ош шаарындагы "Фрунзе" ири дүкөнүнүн сейфин ачып, 700 миңден ашуун акча каражатын уурдашкан деп күзөтчүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБине "Фрунзе" дүкөнүнүн администратору 4-мартка караган түнү сейфтен акча уурдалганын кабарлап, арыз менен кайрылган.

"Арыздын негизинде Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы участкасында шектүү катары мурда да соттолгон 26 жаштагы Э.К. жана 22 жаштагы И.К. аттуу Кара-Суу районунун тургундары кармалган. Алар Бишкек аркылуу Орусияга качууну көздөп жатышкан. Кылмышка шектүүлөр аталган дүкөндүн күзөт бөлүмүндө эмгектенгени аныкталды. Сейфтен уурдалган 713 миң 987 сомду экөө бөлүп алып, үйүнүн короосуна банкага ороп катып салганы белгилүү болду. Кармалгандар жасаган кылмышын моюнуна алышты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Уурдалган акча каражаты дүкөндүн ээлерине толугу менен кайтарылып берилгени да маалым болду. Ош шаардык сотунун 14-марттагы чечими менен шектүүлөр 2 айга №5-СИЗОго киргизилди. Алардын үстүнөн "Уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
17.03.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кап тыынч эле иштей беришпейби, айлыктары деле тузук эле болсо керек эле
17.03.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мурун соттолгонду неге кузотко алат
17.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
kansulu,эээх замандаш өкүнүчтүү. азыр соттолгондор депутат болуп жатышпайбы.
17.03.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
шайтан ал алакой байып кетесин дегенго
17.03.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шайтандын азгырыгынан сакта Кудайым!
17.03.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ички иштер министрлигинин кузот кызматындагы балдарды алыш керек.Алар соттолгону текшерилип жумушка алынат.Каяктагыларды жумушка ала бербей акчасына кызыгып.Частное охранное агентстволор арзан кайтарат,затл ушундай кашасы коп.
17.03.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эми ишке алып жатканда каяктан билсин мындай болоорун. жаман иш болуптур. тузун жеп тукуруп кетиптир!
17.03.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карышкырга кой кайтартышыптырда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: