Жалал-Абадда айдоочу Дэу Матиз унаасы менен чабанды, анын атын жана ондон ашык коюн сүзүп өлтүрдү
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа чабанды жана койлорду сүздү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 17-мартта саат 21:00 чамасында ат минип алып, 200гө чукул койду айдап бараткан 39 жаштагы К.Ж. аттуу чабанды унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен чабан өзү каза болуп, минип бараткан аты менен кошо 10дон ашык кою өлгөн.
"Кырсыктан кийин чабан ооруканага бара жатканда жолдо каза болду. Кырсыкка кабылган унааны 61 жаштагы М.С. аттуу Базар-Коргондун тургуну айдап бара жаткан. Факты боюнча учурда тийиштүү аракеттер көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Катту келе жаткан гоо чамасы