Жалал-Абад. Токтогул районунда Кара-Көл шаарынын тургуну унааны башкара албай аңга түшүп кетти
2012-жылдын
18-ноябрь күнү
саат 13:45 чамасында
Бишкек-Ош унаа жолунун 287-чакырымында жол кырсыгы катталган. Фольксваген
үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып кетип,
аңга түшүп кеткен. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Унаанын
ичинде 3 адам болгон: айдоочу М.Тыныстанов, Кара-Көл шаарынын тургуну, Рустам аттуу жигит (жашаган жери жана
аты-жөнү такталууда) жана О.Керимбаева Кара-Көл шаарынын тургуну. Үчөө тең жеңил жаракаттарды алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Автор: Гүлжан Эшбаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















