ЖЕЭК жыйынында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду
Бүгүн, 29-майда Астана шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Владимир Путин, Александр Лукашенко жана Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян катышты.
Анын алкагында Тунис жана Сербия менен эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо, Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергия рыногун өнүктүрүү, кызмат көрсөтүү секторлорун либералдаштыруу жана агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду каржылоо боюнча документтер кабыл алынды.
Мындан тышкары ЕАЭБдин бюджети, бажы мыйзамдары боюнча жоопкерчилик жана Казакстандын жер казынасын пайдалануу тармагына байланышкан өзгөртүүлөр боюнча протоколдорго кол коюлду.
Жыйындын соңунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйынын өткөрүү убактысы жана жери да макулдашылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















