"Ата журтчу" депутаттар акталды

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар
Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев боюнча өтүп жаткан сот отурумунда
судья чечимин угузду. Анда депутаттар акталып, сот залынан бошотулду. "Сотто депутаттардын күнөөлөрү далилденбегендиктен сот залынан эркиндикке чыгарылсын",- деди судья. Белгилей кетсек, 29-мартта Биринчи Май райондук соту Камчыбек
Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга эркинен
ажыраткан болчу. Райондук соттун өкүмү менен макул болбогон депутаттар Бишкек
шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан.
Автор: Ширин Турдакунова
"Ата журтчу" депутаттар акталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
5

