super.kg logo

Японияда аял кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн кесиптештеринен кечирим сурады

 

Японияда аял кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн кесиптештеринен кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Японияда жетекчи өзүнүн кызматкерине ал кезекке карабай кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн сөгүш жарыялап, кийин ал кесиптештеринен кечирим сурасын деп талап кылган.

Белгилүү болгондой, менчик бала бакчалардын биринде эмгектенген тарбиячылардын бирин жетекчилик жана кесиптештери түзүлгөн планга карабай кош бойлуу болуп калгандыгы үчүн айыпташкан. Мекеменин эрежелери боюнча алгач улуу кызматкерлер, андан соң кичүү кызматкерлер кош бойлуу болуп декреттик өргүүгө чыгууга тийиш.

Маалыматка ылайык, бул иш тууралуу массалык маалымдоо каражаттарына кызматкердин күйөөсү билдирген.

"Мен аялымдын жумушун сыйлайм, ошого байланыштуу биз анын иштеген жерине барып, расмий түрдө кечирим сурап келдик", - деген ал.

Бул окуя коомчулукка белгилүү болору менен көпчүлүк бала бакчанын жетекчилигин сынга алган. БУУнун акыркы жарыялаган статистикалык маалыматына ылайык, Япония гендердик теңчилик боюнча 144 мамлекеттин ичинен 114-орунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
04.04.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Япония эле Япония дейсиңер озубуздун Кыргызстаныбызга эле жетпейт
04.04.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларды
04.04.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошондой кантип болсун, акылга сыйбаган жана адамдын оз эркине чектоо койгон керексиз эреже экен.
04.04.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Тобо ушу кантип болсун. Мен ишке боюмда бар болуп кирип анан 2жумадайын учетко турганда справка алып барып бергем. Москвада эч ким эч нерсе деген эмес. Бир эже Кыргыз 4жыл иштеп декретке чыкты эле 220мин декретный толоп бериптир. И еще пособие 11минден 1,5жашка чейин анан 2500дон 3жашка чейин. Мен 6ай иштеп декретке чыктым 40мин толошту 11минден пособие 1.5жашка чейин и 2500р 3жашка чейин. 50р тушот картага.Темага тиешеси жок эле жазып салдым биздин 400с бере албай аткан чондор корсун деп.
04.04.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Aitun,болдучу майда соз экенсин.кайра эле боюнда бол эч ким эч нерсе дебейт
04.04.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aitun,аябай мактаныпсын го. Гражданство алган болсон ошо да. Канчалар журот сенден башка учетко да тура албай компенсация алмак тургай. Бир да текшерилген , учетко турган картасы жок Кыргызстанга келип тороп. Дагы толгон ооруну ала келип аткан.
04.04.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Aitun,Акчанын баарын эле сен алган окшойсун.Жаман катын төлчүл болот дейт беле.
05.04.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жапонияда ото ишине жоопкер болушатда, кош бойлуу болоорун билсе иштт башка план менен кылмакмын деп кечирим сурап атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: